Финансылык коопсуздук боюнча үч мекеме кызматташат

  • 30.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол койду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Меморандумга Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун 40-пленардык жумалыгынын алкагында кол коюлуп, ага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Канат Асангулов катышты.

Меморандумдун максаты — өлкөнүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын биргелешип уюштуруу жана өткөрүү. Ошондой эле финансылык коопсуздук маселелерин жайылтууга, жаштарда финансылык бүтүмдөрдүн шектүү түрлөрүн аныктоо боюнча компетенцияларды калыптандырууга, шектүү банктык операцияларга тартуу тобокелдиктерин азайтууга жана алдамчылык схемалардын жайылтылышына жол бербөөгө багытталган.

Бөлүшүү

Комментарийлер