ЕВРОПА БИРИМДИГИ КӨЗДӨГӨН БИЙИКТИК

  • 31.10.2018
  • 0

ЕВРОПА БИРИМДИГИ КӨЗДӨГӨН БИЙИКТИК

Европа биримдиги  КРнын Өкмөтүнө билим берүүдөгү реформаларды жылдырууда жана финансылык туруктуулукка жетишүүгө жардам берүүдө.

Европа биримдиги (ЕБ) уламдан улам өлкөгө көмөк көрсөтүү механизми катары традициялык долбоордук мамиленин ордуна сектордук ыкманы жана бюджеттик жардамды пайдаланып келе жатат. Бул кырдаал тышкы жардамдын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Париж декларациясына (2005-ж., март) ылайык келет.

Кыргызстандагы бюджеттик колдоо Кыргызстандын билим секторунун  стратегиясын жүзөгө ашыруу үчүн кызматташтык программасынын, 2016-2017 жана 2018-2020 -жылдардагы аракеттеринин, пландарынын бөлүгү болуп саналат.

Бюджеттик колдоо компоненти өзүнө саясат, финансылык трансферттер, натыйжалуулукту жана мүмкүнчүлүктү жогорулатуу, өнөктөштүк жана кызматташтык маселелери боюнча диалогду камтыйт.

ЕВРОПА БИРИМДИГИ КӨЗДӨГӨН БИЙИКТИК

ЕБнын бюджеттик колдоосу Европа биримдигинин финансылык ресурстарын Кыргыз Республикасынын казынасына Кыргызстандын Өкмөтүнүн каражаттарды бөлүү боюнча айтылган шарттарын аткаруу менен алмаштыруунун негизинде төлөөнү билдирет. Которулгандан кийин, алынган финансы ресурстары Кыргыз Республикасынын бюджетинин бөлүгү болуп калат.

ЕБ бюджеттик колдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билим берүү тармагында реформаларды илгерилетүү жана финансылык туруктуулукка жетишүүгө жардам берет.

ЕБ Кыргызстандын Өкмөтүнө бюджеттик колдоону 2016-жылдан тартып «Билим берүү секторун реформалоого контракт» аркылуу көрсөтүп жатат.

ЕБ контракттын ушул тибинде бюджеттик колдоону жана өкмөткө, мамлекеттик эмес уюмдарга (МЭУ) программанын алкагында реформаларды ишке ашыруу жана техникалык жардам көрсөтүүнү карайт.

ЕБ 2016-жылдан 2017-жылдарга чейин билим берүү секторун колдоого жалпы жонунан 20 млн. бюджеттик колдоо түрүндө берди. 2018-жылы 10 млн. ашуун сом каражат берүүсү күтүлүүдө.

Кошумча 35,76 млн. евро билим берүү секторун 2019-жылдан 2021-жылга чейин реформалоо контрактынын алкагында пландаштырылган.

Бюджеттик колдоодон тышкары, ЕБ ошондой эле билим берүүдөгү реформаларды ылдыйдан жогору илгерилетүүдө МЭУга колдоо көрсөтүп келет.

Мисалы, ЕБ каржылаган, «Окутууда куррикулумда каржылоодо керектөөлөрдү чечүүгө таасир этүү максатында билим берүүдөгү жетишкендиктерди баалоону күчөтүү» долбоорунда билим берүүнүн инклюзивдик идеялары сунушталууда.

Долбоордун дагы бир максаты катарында өлкөнүн педагогикалык ЖОЖдоруна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар (ДМЧ) менен иштей турган мугалимдик түзүмдү даярдоо, заманбап жана инновациялык окуу ыкмаларын пайдалануу менен мастер-класстарды өткөрүүгө көмөктөшүү саналат.

 

  Жыл           Бюджеттик колдоо       Техникалык жардам

                                                                       жана МЭУ үчүн

                                                                                  гранттар

 

2016-2018-жж.        30 млн. евро           6 млн. евро

 

2019-2021-жж.        32 млн. евро           3,76 млн. евро

 

Бардыгы               62 млн. евро         9,76 млн. евро

 

Инклюзивдик билим берүүдө инновацияларга окутуу

Инклюзивдик билим берүү боюнча Эл аралык эксперт Елена Геонис 1,5 айдын ичинде кыргыз мугалимдерин аутист балдар жана ден соолугунда башка бузулуулары бар балдар менен иштөө ыкмасына үйрөткөн. Ошондой эле, балдар жана алардын ата-энелерине консультацияларды өткөрдү.

6-июндан 23-июлга чейин Бишкек, Ош жана Караколдо 664 адам үчүн, анын ичинде 177 адистер, 53 студент жана 434 ата-энелерди кошуп, консультациялар жана тренингдер өткөрүлгөн.

Эксперт Арабаев атындагы КМУнун профессордук-мугалимдик өкүлдөрү үчүн   жана практикадагы психологдорго, дарыгерлерге, студенттерге, психология жана дефектология факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө, ошондой эле, ата-энелер үчүн тренингдерди өткөрдү.

Мындан тышкары, доктор Елена Геонис аутизм жана ден соолугунун башка бузуулары бар балдар менен иштеди, алардын 209 жеке консультацияларды алышты, анын ичинде 63 «Майло» роботу менен окушту. Атайын «Майло» роботун пайдалануу инновациялык ыкма болуп саналат. Ал үч жыл мурда Далластагы Техас университет тарабынын Макартни Тецлер мектеби менен биргелешип, аутизми бар балдар үчүн атайын жасалган.

Белгилүү болгондой, мындай балдардын сүйлөө речинде жана социалдык көндүм жүрүм-турумунда кыйшаюусу жана бузулуштары бар. Роботтун программасы 1500 видео-файлдардан турат, ар бир видео бул адамдын жашоосунун реалдуу эпизоду. Бала робот менен окуу өтүп жатып, практикада социалдык көндүм алат. Окуу убактысында «Майло» эмоцияны түшүнүп билүүгө адамдардын сүрөттөрүн, чыныгы турмуштук кырдаалдардын сүрөттөрүн көрсөтөт, ушунда бала эмоцияларды жана предметтерди атоо менен роботко жооп берет. Ошентип, баланын сөздүк запасы кеңейет, ал эмоцияларды окуп үйрөнөт жана өзүн-өзү жөнгө салуу көндүмүн алат. Робот менен окуу өткөрүү убактысында «Майло» — мугалим — бала ортосунда үч бурчтук түзүлөт, ага ылайык, бала робот менен жана чоң адам менен дагы көрүү контактын орнотууну үйрөнөт. Бул аталган технологиянын жетишкендиги. Тет-а-тет окууларында бала терапевтке болгону 15% убакытты, ал эми роботко 85% көңүлдү бураарын изилдөөлөр көрсөттү. Азыркы убакта бул методика аутизми бар балдар менен иштөөдө ийгиликтүү пайдаланылууда.

Елена Геонис, Гранд-Каньон (Аризона, АКШ) университетинин атайын билим берүү тармагындагы педагогика илимдеринин доктору Кыргызстанга Кыргызстандагы Европа биримдигинин чакыруусу менен келгендигин белгилей кетүү керек.

 

 Даярдаган М.Токторов,

“Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер