ЕВРАЗИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕР ТАРМАГЫ ТҮЗҮЛӨТ

  • 25.05.2022
  • 0

Бүгүн Кыргыз экономикалык университетинде Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жыйыны өтүп, Евразиялык университеттер тармагын түзүү жана  евразиялык экономикалык интеграция багытындагы стратегияны ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Жыйынга КР Билим берүү жана илим министри жана Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия Федерациясынын жетектөөчү университеттеринин ректорлору катышты. Жыйындын максаты   Евразиялык университеттер тармагын түзүү  жана анын андан аркы иш алып баруусун, ошондой эле, кийинки иш-чаралардын форматын макулдашуу боюнча бир пикирге келүү жөнүндөгү Меморандумга кол коюу болуп эсептелет.

Иш-чарада Евразиялык тармактык университеттерди түзүү жана ЕАЭБдин алкагындагы жогорку окуу жайлардын ортосундагы консорциумду калыптандыруу; ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууда аралыктан билим берүүнү (окутууну) өнүктүрүү; биргелешкен онлайн программаларды жана мамлекеттер аралык аралыктан кесиптик билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгуу; кесиптик даярдоо жана эмгек ресурстарынын дасыгын жогорулатуу; ЕАЭБдин укуктук негизде бирдиктүү билим берүү мейкиндигин калыптандыруунун келечеги талкууланып, бир катар сунуш-пикирлер айтылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер