Кыргызстандын мектептерине 30 РОССИЯЛЫК ПЕДАГОГ КЕЛДИ

  • 03.02.2025
  • 0

“Евразиялык лицей” эл аралык билим берүү долбоорун ишке ашырууну улантып, Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин  30 педагог  Кыргызстандын мектептерине келди. Үч айдын ичинде алар профилдик предметтерди орус тилинде окутуп, класстан тышкаркы ишке жардам берип, кесипке багыттоо мүнөзүндөгү иш-чараларды өткөрүшөт.

Кыргызстандын мектептерине 30 РОССИЯЛЫК ПЕДАГОГ КЕЛДИ

Бул – россиялык мугалимдердин экинчи тобу. Биринчиси республиканын мектептеринде былтыркы жылдын декабрынан бери иштеп жатат.

Кыргызстандын мектептерине 30 РОССИЯЛЫК ПЕДАГОГ КЕЛДИИльнур Камаев Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназияда информатиканы окутат. Ал М. Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин “Изилдөөчүлүк долбоордук ишмердик” багыты боюнча студенти болуп саналат.

“Мен Башкортостан Республикасынан келгем, башка өлкөдө үйүр алуу, мен күткөндөн да оңой болду. Мектепте мугалимдердин кесипкөйлүгү жогору, алардын балдар жана ата-энелер менен иштөө жөндөмү мендей жаш адиске зор тажрыйба берди. Мектепте жаңы билимдерди тез өздөштүргөн абдан таланттуу балдар окушат. Менин миссиям – балдарды биздеги, Россиядагы, программага үйрөтүү. “Евразиялык лицей” билим берүү долбоору Кыргызстандын мугалимдери менен билимдерди жана окутуу методикаларын алмашууга гана мүмкүндүк бербестен, КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү процесстерин түшүнүүнү да байытат. Мен аларды өнүктүрүүгө жана болочоктогу чакырыктарга даярдоого өз салымымды кошо алам деп үмүтөнөм”, – дейт Ильнур Камаев.  

Кыргызстандын мектептерине 30 РОССИЯЛЫК ПЕДАГОГ КЕЛДИБишкектеги  А. Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиянын директору Анара Абдураимова белгилегендей, россиялык мугалимдердин келиши – кыргызстандык окуучулар үчүн билимдердин эбегейсиз багажы.

“Россиянын тажрыйбалуу педагогдору менен иштешүү билим берүү процессин байытып гана тим болбостон, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маданий алмашууга да өбөлгө түзөт. Бул тажрыйба Кыргызстандагы билим берүү системасын андан ары өнүктүрүү үчүн негиз болот”, – дейт А. Абдураимова.

 

Айдана Маматбердиева,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер