“Евразия” коомдук фонду Улуттук университетке автобус белек кылды
- 14.10.2025
- 0
“Евразия” коомдук фонду Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине бир автобус белек кылды.
Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, “Евразия” автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алёна Аршинова КУУнун 100 жылдык мааракесине карата окуу жайга заманбап чоң автобус белекке берилерин мурда эле билдирген.
Улуттук университет менен “Евразия” коомдук фондунун өкүлдөрү бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн. КУУнун студенттери аталган фонд уюштурган ар түрдүү иш-чараларга катышып келет. (БК)
Бөлүшүү
Комментарийлер