ЭТНОПЕДАГОГИКАГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 18.12.2017
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде Ыйман, адеп, маданият жылына арналган  “Этнопедагогика — заманбап социумдагы этномаданий дөөлөттөрдү сактоонун фактору катары” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага Түштүк Кореянын, Түркиянын, Өзбекстандын жана республиканын бардык жогорку окуу жайларынан илимпоз-педагогдор катышты.  Анда  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Акматали Алимбеков “Кыргыз элинин адеп маданиятынын константтык субстанциялары”, Кыргыз билим берүү академиясынан келген окумуштуу М.Мырзаев “Этнопедагогиканын кыргыз мектеби”, кореялык окумуштуу Лим Ен Шик “Корей тамгаларын түзүү аркылуу улуттук биримдик идеологиянын негизделиши” деген темаларда баяндамаларды жасашты.

Конференциянын иши күндүн экинчи жарымында секциялык иштерде улантылып, уюштуруучулар тарабынан “Кыргыз элинин этномаданий баалуулуктары” деген аталыштагы көргөзмө уюштурулду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер