ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖДОРУНДА ОКУЙТ

  • 10.07.2023
  • 0

ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОЖДОРУНДА ОКУЙТ

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүндү.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык сынакка этникалык кыргыздар — Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек жана 21-июлдун саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтурат.

Талапкерлердин келип түшкөн арыздарынын талапка ылайыктуулугу жана керектүү документтердин бар-жогу текшерилет. Онлайн системага өз убагында ийгиликтүү катталып, программанын талаптарын сактоо менен керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлерге тандоо сыноолоруна катышууга уруксат берилет. Конкурстук тандоо сынактык тандоону өткөрүү үчүн курамына университеттердин, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген тандоо комиссиясы түзүлөт.

Бакалавр программаларына конкурстук тандоо компьютердик тестирлөө, болжолдуу компьютердик/бланктык тестирлөө жана аңгемелешүү түрүндө 2023-жылдын 25-июлунан 26-июлуна чейин өткөрүлөт. Онлайн системасында ийгиликтүү катталып, техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлердин жеке кабинетине сынактык тестирлөөнүн датасы жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер