ЭСТЕН КЕТКИС ЭС АЛУУ
- 25.06.2025
- 0
Июнь айынын мээ кайнаткан аптабына карабай Бишкек шаарындагы бир топ билим берүү мекемелери жылдагыдай эле мектеп алдындагы лагерлерди күжүрмөн даярдыкта уюштурушту.
Борборубуздун чеке белиндеги «Дордой» конушунда жайгашкан № 94 жалпы билим берүүчү орто мектеп бул багыттагы иштерде ар качан айырмаланып келет. Быйыл дагы мектеп жетекчилиги, мугалимдери, тарбиячылары мектеп алдындагы лагерди уюштурууга зор маани беришкени албетте, бизди, журналисттерди кубандырды.
— Биздин мектеп алдындагы лагерибизде ушул күндөрү 90 бала эс алууда. Алар «Күн желеси», «Жылдыздуу асман», «Ай нуру» аттуу үч топко бөлүнгөн. Лагерде жалпы жонунан тогуз мугалим иштеп жатат. Алардын ичинен бирөөсү дене тарбия, башкасы музыка мугалими, — дейт лагерь башчысы Азиза Мурсалиева.
Азиза Абасбековнанын айтымында «Күн желеси» тайпасын тарбиячылар Бугубаева Рахат менен Орозобекова Жазгүл жетектесе, «Жылдыздуу асман» тайпасына Жумабаева Акбермет менен Үсөнова Жылдыз, «Ай нуру» тайпасына Муратбекова Мыскал менен Кубанычбек кызы Айнура баш-көз болууда. Окуучулар эртең менен саат 8:00де келишип, кайра саат 14:00дө үйлөрүнө кетишет экен. Балдар күндү адаттагыдай эртең мененки көнүгүү жасоо менен башташат. Эртең мененки тамактануудан соң тарбиячылар лагердин планы менен иш алып барышат. Бизге дордойлук балдар-кыздар лагерде бир да минутаны текке кетирбей, жомок окушуп, окуганы боюнча сүрөт тартышканы, саймачылык менен алек болушканы, кыргыз акындарынын ырларын көркөм окуп беришкени жакты. Балдардын тапкычтыгын, көңүл буруусун, эс тутумун, чыгармачылык фантазиясын курчуткан оюндарга да күбө болдук. Лагерде күн сайын жаштарды шамдагайлыкка үндөгөн спорттук жарыштар, бүйүр кызыткан мелдештер байма-бай өтүп жатат.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер