ЭРТЕҢ БИШКЕКТЕ РЕСПУБЛИКАЛЫК «БАКТЫЛУУ БАЛАЛЫК — СЧАСТЛИВОЕ ДЕТСТВО» ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
- 31.05.2023
- 0
Эртең, 1-июнда, “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Бактылуу балалык — Счастливое детство» республикалык фестивалы өтөт.
Иш-чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышып, көргөзмөдөгү балдардын чыгармачылыгы жана мастер-класстардын иши менен таанышат.
Андан соң министр Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде балдардын сүрөттөрүнүн эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.
Иш-чарага Франция, Казакстан, Өзбекстан жана Армениянын элчилери да чакырылган.
Бөлүшүү
Комментарийлер