Эрлан Шеров Парижде коло байге утту

  • 05.02.2024
  • 0

Эрлан Шеров Парижде коло байге утту

Кыргызстандык Эрлан Шеров Францияда өткөн дзюдо боюнча Чоң шлем (Grand Slam)  турниринде коло медаль тагынды.

4-февралда Париж шаарында эл аралык турнир жыйынтыкталды.

Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров 90 кг салмакта күч сынашып, бул салмакта жалпысынан 44 спортчу атаандашты.

Кыргызстандык спортчу мелдешти 1/16 финалдык баскычтан баштап, Беларус менен Монголиянын спортчуларын катары менен артыкчылык менен эки жеңишке жетишти. Бирок чейрек финалда Азербайжандын өкүлүнө утулуп калды.

Коло үчүн көңүл жубатуучу турнирдин биринчи айлампасында Эрлан Шеров Бельгиянын спортчусун жеңип, 3-орун үчүн күрөштө бразилиялык атаандашын жеңип, коло байгенин ээси болду.

Парижде өткөн эл аралык турнирде ошондой эле Кубанычбек Айбек уулу (2 жеңиш, 1 жеңилүү), Чыңгызхан Сагыналиев (1 жеңилүү) жана Асад Масабиров (1 жеңилүү) менен байгелүү орундарга илинбей калды.

Бул турнирде байгелүү орундага ээ болгон дзюдо чеберлери Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн упай топтой алышты.

Эрлан Шеров Парижде коло байге утту

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

Бөлүшүү

Комментарийлер