«ЭР МАНАС» КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 04.11.2024
  • 0

Белгилүү профессор, окумуштуу Абдыкерим Муратовдун көп жылдык эмгегинин акыбети кайтып, «Эр Манас» китеби окурмандардын колуна тийди.

«ЭР МАНАС» КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

“Бул китеп менин Сагынбай Орозбаков айткан элдик дастандын вариантынын өзөгүн кара сөзгө айландырган иш-аракетим деп эсептеңиздер. Китептин жаралышына көптөгөн жакшы адамдар себепкер: эң алдын «Манас» дастанынын кылымдар бою ооздон оозго көчүп айтылып келген мазмунун байытып кагазга түшүрүү дооруна жеткирген Сагынбай манасчы, анан үн жазуу техникасы, электр жарыгы жок кезде – мындан жүз жылдай илгери, залкар айтуучуну күнү-түнү артынан ээрчип жүрүп кагазга калем менен түшүрүп алган Ыбырай Абдырахмановго, ушул вариантты китеп кылып чыгарган Абдылдажан Акматалиев баш болгон аалымдарга миң алкыш! Мага чейин эле теңдешсиз эпопеянын ар кандай варианттарын кара сөзгө айландырып, бизге жол көрсөтүп берген С.Липкин, С.Мусаев, А.Жакыпбеков, К.Жусупов, М.Байжиев, Б.Жакиев, С.Байгазиев, Б.Максүтов, Т.Жолдошев, Ш.Абдырахманов, Р.Исаков, Ж.Осмонкулов ж.б. жазуучуларга ырахмат! – дейт А.Муратов. — Биздин бул китептин жазылыш тарыхына кылчайсак, идея «Sputnik Кыргызстан» сайтынын редактору Нургүл Максутовадан чыгып, аталган сайттын 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 24-сентябрына чейинки күндөрүндө 75 темага бөлүнүп «Манас» баяны жарыяланып келди. «Sputnik Кыргызстан» сайтына жана анын редактору Нургүл Максутовага чыгарманы алгач аалам тор аркылуу бүт дүйнөдөгү окурмандарыма жеткирип турганы үчүн ыраазычылык билдирем!

Китептин жооптуу редактору, басмага даярдаган жана өзүнүн «Таалим» басмасы аркылуу чыгарган педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматовго, редактору Бурул Кыдырбаевага, корректору Мелисбек Музулмановго да жардамыңар үчүн чоң ырахмат демекмин.

Салттуулук менен жаңычылыкты айкалыштыра китепти иллюстрациялаган жана компьютерде орду-ордуна кынап коюп чыккан таланттуу кызыбыз Таттыбүбү Ырысбай айымга да «өнөрүң өркүндөй берсин» деп батамды берем!” – дейт автор.

Баса, миң нуска менен 480 бет көлөмүндө, чоң форматта чыккан китептин таанытым-тушоо кесер иш-чарасы буйруса жакында өтөрү болжолдонууда.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер