«ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИНИН» ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ

  • 17.04.2018
  • 0

Баткенде «Энелер мектеби» деп аталган эл аралык форум өттү. Форум алгач облус аймагындагы мектептердин билим берүү тармагы боюнча колдонмолор, кол өнөрчүлүк көргөзмөсү менен башталды. Андан соң учурдагы билим берүү көйгөйлөрү, билим берүүнүн туура жолдору жана «Энелер мектебинин» балдарга жана ата-энелерге тийгизген таасири жана орду тууралуу жыйын болду.

«ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИНИН» ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген  форумдун катышуучулары «Энелер мектебинин» коомдогу орду, жыйынтыгы жана зарылчылыгы боюнча баяндамаларды жасашты. Ошондой эле билим берүү тармагына кошкон зор салымы, ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн бир топ мугалимдер  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланышты.

«Ата-энелер мектеби» курстарынын негиздөөчүсү Гапыр Мадеминовдун айтымында, «Бүгүнкү күндө балдар интернет, чөнтөк телефонго алаксып, билим-тарбия алуудан алыс кетип калышты.

«ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИНИН» ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУ

— Ошондуктан мектеп менен үй-бүлөнү жакындатуу максатында «Энелер мектеби» түзүлдү. Анда энелер 60 сааттык балдарды тарбиялоонун ыкмаларын окуп, сынак тапшырышат. Учурда Баткен облусунун бардык район-шаарларындагы энелер «Энелер мектебин» окуп чыгышты. Ош, Жалал-Абад облустарына да жайылтылууда. Жалпысынан 10 миң 100 адам «Энелер мектебин» бүтүрдү, — дейт Г.Мадеминов.

Ал эми КРнын Президентине караштуу «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков: «Бала көргөнүн, укканын жасайт. «Энелер мектебинин» балдардын билим алуусуна жана тарбияланышына тийгизген таасири чоң. Ата-эне, мектеп биргеликте баланы чогуу тарбияласа, жыйынтыгы жакшы болот. Статистикалык маалыматка караганда, өткөн жылы Баткен облусу предметтик олимпиадада республика аймагында 3-орунду камсыздаган. Себеби «Энелер мектеби» эң алгачкы жолу Баткенде мындан 2-3 жыл мурда түптөлүп, ошонун да таасири бар. Тактап айтканда, Кыргызстан боюнча «Энелер мектебин» окугандар алдыда».

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Акматовдун айтуусунда, бүгүнкү күндө Баткен шаарындагы мектептерде да «Энелер мектебинин» ыкмасы Ж.Бөкөнбаев, Кызыл-Жол, С.Айтматов, Сагато-Агато, В.И.Ленин атындагы орто мектептеринде окуган энелер жакшы жолго коюлуп, энелер менен мектептин ортосундагы байланыш күчөп, окуучулардын билимге умтулуусуна шарттар түзүлүүдө.

Гапыр Мадеминов «Ата-энелер мектебин» 1997-жылы Лейлек районунун Арка айылындагы өзү жетектеген №3 эксперименталдык гимназияда ачкан. Ошондон бери аталган мектепте 500 эне баланы тарбиялоого окутулган. Бул аралыкта жалпы Баткен облусунда 10 миңдей эне бул курска катышып, сертификат алышкан.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер