“ЭНЕ ТИЛ ЖАНА АЙТМАТОВДУН” ҮЧ АЙЛЫГЫ
- 21.11.2018
- 0
Бишкектеги №9 окуу-тарбия мектеп-гимназиясынын базасында “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын алкагында “Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы жаратылышты сүйүү жана мекен темасы” аттуу окуучулардын илимий-изилдөө долбоору кароо-сынагы өткөрүлдү. Ал Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын планына ылайык өткөрүлдү.
Кароо-сынакка катышкан 8-11-класстын окуучуларынын өнөрлөрүнө калыс бааларын КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы А.Ишеналиева, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова, “Таалим-креатив” менчик мектебинин директорунун орун басары Ж.Сарыгулова жана Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Ж.Сапаловалар мүчө болгон калыстар тобу өз бааларын беришти.
Алардын калыс бааларынын натыйжасында биринчи орун – №13 МГ, экинчи орун — №69 ОТК МГ ыйгарылса, 3-орунга №84 орто мектеби чыкты. Ошондой эле байгелүү орундардын бири — 4-орунду №67 ОТК МК ээледи.
Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы, баалуу жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты. Ал 2018-жылдын 5-декабрында “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын жыйынтыгы менен Кыргыз-Түрк Манас университетининде өтүүчү салтанатта ыйгарылмакчы.
А.Кашыбаева,
«Кут Билим»
Комментарийлер