ЭМИ ЧАЛДОВАРДЫН ӨЗ СПОРТТУК ЗАЛЫ БАР

  • 13.10.2021
  • 0

Панфилов районундагы Чалдовар мектебинин окуучусу Аскар өзү окуган мектебинде спорт залы жок болгондуктан күрөш боюнча машыга албай келген. 12-октябрда элеттик баланын көптөн күткөн үмүтү ишке ашты.

ЭМИ ЧАЛДОВАРДЫН ӨЗ СПОРТТУК ЗАЛЫ БАР

АРИС Чүй облусунун Панфилов районунда да оңдоп-түзөө иштерине каржылык жардам бөлдү.
Райондогу Фрунзе айыл аймагына караштуу Чалдовар мектебинде спорттук зал жок болчу. 1967-жылы курулган мектеп имаратында спорттук зал каралган эмес. Долбоор алкагында бүткөрүлгөн спорттук залдын имараты бир кабаттуу, жертөлөсү жок, металл конструкциядан турат.
АРИС курулушка 13 621 254 сом грант бөлүп берсе, Фрунзе айылдык аймагынын салымы 568 580 сомду түздү.

ЭМИ ЧАЛДОВАРДЫН ӨЗ СПОРТТУК ЗАЛЫ БАР

— Долбоор алкагында көп иштер аткарылды. Анын баары элибиздин ынтымагы, максатка жетүүдөгү биримдүү аракети менен жетишилди. АРИС — биз үчүн лидерликтин мектеби болуп калды. Биз маселе коюну, көйгөйдү чечүү жолдорун издөөнү жамаатыбыз менен жабыла үйрөндүк, — дейт Фрунзе айыл Өкмөтүнүн башчысы Эрназар Нурмухамедов.

Айыл Өкмөтүнүн башчысы Эрназар Нурмухамедов бул жооптуу иште эмгектенип жатканына төрт айдын жүзү болуптур. Ошого карабастан жаңы жетекчи жаш болсо да мыкты лидер экени көрүнүп турат.

— Эрназар ушул долбоордо жетилди десек болот. Анткени ал буга чейин айыл Өкмөтүнүн адиси катары АРИС менен тыгыз иштеп, элди долбоор уюштурган окууларга тартып, жамаатты мобилизациялоо иштерин жакшы жүргүздү. Ушул иштердин натыйжасында, айыл тургуну өз жанынан айыл Өкмөтүнүн салымын төлөп берди, — дейт бул күнкү тарыхый салтанатка катышып жаткан, эмгек ардагери Сания апа.

Мектептин спорттук залынан тышкары, АРИС ушул эле айыл аймагында №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын курууга акчалай жардам берди. АРИС бул ишке 18 129 742 сом өлчөмдөгү грант бөлдү. Ал эми Күрпүлдөк айылдык аймагынын салымы 461 490 сомду түздү.

ЭМИ ЧАЛДОВАРДЫН ӨЗ СПОРТТУК ЗАЛЫ БАР

— Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров элибиздин ден соолугун сактоого, жаштардын спорт менен машыгуусуна зор көңүл буруп жатат. АРИСтин колдоосу биздин бул багыттагы ишибиздин ийгиликтүү болушуна жол ачты, — дейт Панфилов районунун акими Маил Аляскаров.

Маалымат үчүн:  АРИСтин «Айылдарды өнүктүрүү» долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке  ашырылып келет. Долбоордун максаты — жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети — 11 млн. АКШ доллары. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2017 — 2021жж.

#АРИССынак

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер