«ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ» ЖАНА «БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕР» НААМЫНА ТАТЫГАНДАР

  • 31.08.2021
  • 0

Бир катар кыргызстандыктар кесиптик ишмердүүлүгүндөгү зор жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу  ыйгарылды.

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”

ардак наамы:

 

Абдырахманова Бурулжан ЧокаевнагаЫсык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун А. Маматов атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими;

 

Гайыпова Урумпаша АзимжановнагаБаткен облусунун Баткен районунун
Т. Садыков атындагы орто мектебинин математика мугалими; 
Жусубалиева Кымбат КыдырмышовнагаНарын облусунун Ат-Башы районунун Боогачы атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;

 

Иманбердиев Төрөбек АмановичкеНарын облусунун Ат-Башы районунун Карабек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин директорунун башталгыч класстарынын окуу иштери боюнча орун басары;

 

Исакова ТазагулгөБаткен облусунун Баткен районунун
С. Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак мектебинин англис тили мугалими;
Истамова Бурул КубалдаевнагаЫсык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун О. Джумаев атындагы Чоң-Сары-Ой жалпы орто билим берүү мектебинин математика мугалими;

 

Көкөнбаев НукангаНарын облусунун Кочкор районунун
К. Мамбеталиев атындагы орто мектебинин биология мугалими; 
Курманалиева Турдубубугө Бишкек шаарынын Р. Шүкүрбеков атындагы № 38 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин математика мугалими;

 

Макыев ТурганбайгаОш облусунун Кара-Кулжа районунун  М. Абакиров атындагы “Токбай-Талаа” орто мектебинин математика мугалими;

 

Муслина Наталья ГеннадьевнагаБишкек шаарынын И.В. Панфилов атындагы № 6 мектеп-гимназия автордук окуу-тарбия комплексинин башталгыч класстарынын мугалими;

 

Омурзакова Тажыбубугө

 

Бишкек шаарынын № 31 мектеп-гимназиясынын директору;

 

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы:

 

Агайдарова Аэлита Ураловнага

 

“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун балдарды тарбиялоо жана билим берүү борборунун директору;

 

Асанова Алтынга

 

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы;

 

Калдыбаев Салидин Кадыркуловичке“Ала-Тоо” эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору;

 

Каримов СалыгаОш мамлекеттик университетинин математикалык анализ кафедрасынын башчысы;

 

Молдосанов Саламат УсенбаевичкеИ. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин директору;

 

Ниязова Анара НатуевнагаБ.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасынын башчысы;

 

Саралаев МараткаКыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын педагогика, психология жана дене тарбия тарыхы кафедрасынын доценти;

 

Ситникова Маргарита ХамзеевнагаБишкек шаарынын № 59 жалпы билим берүү орто мектебинин директору;

 

Эдилова Мариям Миталиповнага“Ала-Тоо” эл аралык университетинин факультеттер аралык мамлекеттик сабактарды окутуу кафедрасынын профессору;

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер