ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНЫН БАЛДАРЫ ЭМНЕГЕ МУКТАЖ?

  • 06.08.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Россиянын Москва, Челябинск, Тюмень, Екатеринбург, Сургут шаарларындагы кыргыз диаспора жетекчилери менен жолугушту.

Министр жолугушууга келген өкүлдөр менен учурда РФда жүргөн эмгек мигранттарынын көңүлүн өйкөгөн көйгөйлөрдү талкуулады. Сыртта жүргөн мекендештерибиздин эң биринчи көйгөйү – бул эмгек мигранттарынын балдарынын өз мекенинде камкордукка алынбай жатышы, сыртка чыккан балдарды бала бакча, мектепке орноштурууда кездешкен кыйынчылыктар, кыргыз тилин окутуу, окуу жана адабий китептер менен камсыздоо, укуктук, ден соолук боюнча жана документтерде кездешкен каталар, керектүү маалыматтардын жетишсиздиги.

Сургут шаарындагы Г.Пономарев атындагы №22  мектепте 27 жылдан бери башталгыч класста мугалим болуп иштеген Кулипа Султанбаеванын айтуусунда, мигранттардын маселеси документти каттоодон эле башталат.

— Балдардын документтери көбүнчө түшүнүксүз, кээде ката жазылат, ошондуктан туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аттестат сыяктуу маанилүү документтерди каллиграфиялык кол жазмада жаздырышса жакшы болот эле. Экинчи маселе, мектеп жашындагы балдардын билим деңгээлин жакшылап текшеришсе. Мисалы, 7-классты аяктап келген баланын деңгээли РФга барганда 4-класстын деңгээлиндей болуп, тесттен өтпөй калат. Натыйжада ага жаш курагы боюнча эмес, билим деңгээлине жараша класс тандоого туура келет. Бул да баланын психикасына таасир этпей койбойт. Андыктан менин сунушум – балдарын сыртка алып кетип жаткандар балдарынын билимин текшерип, даярдап, керек болсо, кошумча окутушса,-дейт К.Султанбаева.

Жолугушуу учурунда диаспора жетекчилери iBilim жана Билим Булагы мультимедиалык билим берүү комплексин көрүшүп, анын офлайн версиясын белекке алышты.

Ата-энесинен алыс өсүп жаткан балдардын келечегине тынчсызданган министр: «Биз эмгек мигранттарынын балдары өзгөчө колдоого муктаж экендигин жакшы түшүнөбүз, андыктан социалдык педагогдордун иштерин күчөтүү менен, ал балдарга жакындан жардам берүү тажрыйбаларын жайылтууну колго алып жатабыз. Андан тышкары, балдарга максималдуу билим берүү үчүн маалымат базасы түзүлгөн»-деди министр.

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер