Эмгек баатыры Өмүрзак Мамаюсупов дүйнөдөн кайтты
- 09.06.2026
- 0
Кыргыз коомчулугу, билим берүү тармагы орду толгус оор жоготууга учурады. Белгилүү коомдук ишмер, чыгаан агартуучу-педагог, «Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры», Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими Өмүрзак Мамаюсупов 73 жашында күтүүсүз дүйнөдөн кайтты.
Мүлдө кыргыз коомчулугу сыйлаган коомдук ишмердин басып өткөн жолу Мекенге ак ниеттен кызмат кылуунун, мамлекеттүүлүктү чыңдоонун жана өлкөнүн келечеги үчүн талбай эмгектенүүнүн жаркын үлгүсү болуп кала берет. Анын жасаган иштери, айрыкча мамлекеттик жана коомдук деңгээлдеги орду, ар бир муун үчүн чоң сабак жана өрнөк. Мындай инсандардын сиңирген эмгеги өлкө тарыхында дайыма сыймык менен эскерилет.
Өмүрзак Мамаюсупов Ош облусунун Ноокат районундагы Ички-Ноокат айылында жарык дүйнөгө келген. 1973-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтун аяктаган.
Алгачкы эмгек жолун 1973-1975-жылдары Ноокат районундагы Калинин атындагы орто мектепте математика мугалими болуп иштөөдөн башталган. 1975-1976-жж. – КР Илимдер Академиясынын улуу инженери, 1982-1984-жж. – Новосибирск мамлекеттик университетинин аспиранты, 1985-1995-жж. – КР Илимдер Академиясынын кенже илимий кызматкери, андан кийин улук илимий кызматкери болуп эмгектенген.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки алгачкы жылдарды агартуучулардын катарынан алдыга суурулуп чыгып, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланды. КР Президентинин парламентаризм жана мыйзам чыгаруу борбордук кеңешинин төрагасы, КР Президентинин ЖКнын Мыйзам чыгаруу палатасында толук ыйгарымдуу өкүлү, КР Президентинин алдындагы билим берүү жана илим иштери боюнча комиссиянын мүчөсү, КР Өкмөтүнө караштуу диний иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, билим берүү жана илим министринин орун басары ж.б. сыяктуу мамлекеттик жооптуу кызматтарда жеңин түрүп алып, башын токмок, каруусун казык, акылын азык кылып иштеди.
Кандай гана кызматтарда болбосун, агай ар дайым билим берүү тармагынын түйшүктөрү менен түйшөлгөн чыныгы күйөрманы болуп келди. «Ноокат билимканасы» жатак мектеби анын артында калган эң баалуу мурас болуп саналат. 1989-жылы Ички-Ноокат айылында ачылган жатак лицей эгемен Кыргызстандагы билим берүү тармагындагы эң ийгиликтүү долбоорлордун бири болуп калды.
Бул мезгил аралыгында мектепти 1428 окуучу аяктады, анын ичинен 38 бүтүрүүчү алтын медаль, 124 — кызыл аттестат, 54 бүтүрүүчү — «Алтын тамга» 2 — «Алтын сертификат» жана эки бүтүрүүчү — КР Президентинин Мактоо баракчасын алган. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйырмага жакыны илимдин кандидаты, доктору болду. Бир кездеги келечеги бүдөмүк айылдык мектеп бат эле республикалык, регионалдык деңгээлдеги мектепке айланды.
Расмий түрдө 1989-жылы ачылганы менен, 1987-жылдан бери эле өзүнүн ишмердүүлүгүн баштаган бул мектеп — Новосибирск университетинин алдындагы физика-математикалык мектептин модели болуп эсептелет.
Ө.Мамаюсупов өзү “Кут Билимге” берген маегинде “Бул аспирантурада Новосибирскиде окуп жүргөндө ойлонулган иш, аны Бишкекте (ал убакта Фрунзе болчу) ачабыз деген ой бар эле, бирок, тилекке каршы, Фрунзе менен Оштон бизди түртүп-түртүп отуруп Ноокатка, Ноокаттан да ары өзүбүздүн айылыбызга жеткиришти. Ошентип 1989-жылы статус алдык. Бул мамлекеттик мектеп. Кыргыз илимдер академиясынын математика институту илимий демилгечи болуп берди” – деп эскергени бар.
Отуз жылдан ашык убакыт аралыгында аталган билимкананы жети директор жетектеп, жалпы журтка үлгү болорлук мугалимдер жамааты түптөлгөнүн сыймыктануу менен белгилеп кетсек болот.
Жакында эле 25-майда «Ноокат билимканасында» «Кут Билим» менен кызматташ устат мугалимдердин республикалык семинары болуп, Өмүрзак агай өзү бара албай, бирок семинардын катышуучуларына онлайн байланышып, бийик жана заманбап мазмундагы сөздөр менен куттуктаган эле. Агай менен телефондон байланышып учурашып, жолугуша албай калганыбызга экөөбүз тең абдан кейиген элек. Бирок эмдиги жолу «Ноокат билимканасына» чогуу баралы деп тилек кылганбыз. Арман күн, көрсө бул биздин эң акыркы ирет сүйлөшкөнүбүз турбайбы…
«Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» дегендей, Өмүрзак агайдын эл-журтуна кылган ак кызматы, билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, чыныгы мугалимге гана мүнөздүү бийик адамгерчилиги агартуу коомчулугунун, агайдын замандаштарынын, кесиптештеринин, окуучуларынын жүрөгүнүн тереңинде сакталат.
Кубат Чекиров, «КБ»
Комментарийлер