ЭЛЕТТЕГИ ЭЛЕКТРОНДУК МЕКТЕП

  • 13.03.2020
  • 0

ЭЛЕТТЕГИ ЭЛЕКТРОНДУК МЕКТЕП

Тогуз-Торо районундагы  Т.Мойдунов атындагы №1 Макмал орто мектебинде “Электрондук мектеп – санарип мугалим” деп аталган семинар болуп өттү. Семинарда райондун мугалимдери кесиптик чеберчилигин жогорулатуудагы менторлордун ролу, мектепти автоматташтыруу, электрондоштуруу жана санариптик онлайн окутууну үйрөнүштү.

Семинарды ачкан №1 Макмал орто мектебинин директору, КР эмгек сиңирген мугалими Апал Базарова катышуучуларды мектептин жалпы жамааты, анын ийгиликтери менен тааныштырып өттү. Аталган мектепте жалпысынан 103 мугалим эмгектенет, алардын ичинен бирөө — КР эмгек сиңирген мугалими, 20 мугалим – “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисинин ээси, жана 17си — КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлангандар. Апал Базаровна ушул сыйлыктуу эмгек жамааты менен алдыңкы ийгиликтерди жаратып келет. Райондук семинар ал жетектеген мектепте өткөнү да бекеринен эмес.

— “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында” электрондук мектеп-санарип мугалимге өтүү бүгүнкү күндүн талабы болуп саналат. Ошондуктан эмнелерге жетүүбүз зарыл? Мен жетекчи катары төмөнкү беш урунттуу учурду белгилээр элем:

Биринчиден: Мектептин материалдык техникалык базасы жакшы болуш керек. Окуу кабинеттери  компьютер менен мыкты жабдылууга тийиш. Биздин мектепте 35 компьютер, бир электрондук интерактивдүү доска, төрт интерактивдүү доска, 10 проектор, алты проектордун доскасы, беш телевизор, эки маркердик доска, алты магниттик доска бар. Мугалимдер өз каражаттарынын эсебинен 70 ноутбук менен камсыз болушкан.

Экинчиден: Химия, биология, физика, география кабинеттеринин лабораториясы бар болушу зарыл. Биздин мектеп 30 инновациялык мектептин катарына киргендиктен, Азия Өнүктүрүү Банкы  тарабынан химия, биология, физика, география кабинеттери, техникалык каражаттар, жаңы эмеректер жана сабакта пайдалануучу лабораториялык каражаттар менен толук жабдылган.

Үчүнчүдөн: Мультимедиалык кабинетин болушу зарыл. Биздин мектеп интернетке  туташтырылган жана онлайн кабинети бар. Бардык иш-чаралар видео аркылуу чагылдырылат.

Төртүнчүдөн: Санарип мугалим болуу зарыл. Ал үчүн мугалимдердин компьютердик сабаттуулугу жогору болуп, жаңы технологиялар менен иштөө усулдарын жайылтып туруу керек.

Бешинчиден: Өнөктөш мектептер менен биргеликте иш алып баруу зарыл. Биз Нарын областынын Жумгал районунун Асылбек Молдокеев атындагы орто мектеби менен өнөктөш мектеп катары иштешип келе жатабыз. Өнөктөштүк менен иштешүүдө милдеттер коюлуп, келишимдер түзүлөт, кызыкчылыктар жалпы болот жана билим берүүнү өнүктүрүү үчүн максаттар коюлат,-дейт директор айым.

EDUPAGE  программасынын пайдасы

Апал Базаровнанын айтымында, мектепти EDUPAGE  программасына — электрондук журнал, электрондук күндөлүк, электрондук жүгүртмөгө өткөрүү үчүн директордун окуу иштери боюнча орун басары Ж. Жээналиева, информатика мугалими Н. Абалиеваны Нарын түрк лицейине үйрөнүп келүү үчүн жиберишкен. Алар мектепке келгенде, жамааттагы 86 мугалимди окуудан өткөрүштү.  Мугалимдердин, окуучулардын жалпы маалыматы EDUPAGE  программасына киргизилип, ата-энелердин өздүк электрондук почталары базага түшүрүлүп, бүгүнкү күндө баары интернетти пайдалануу менен иш алып барышууда.

Семинарда Нарын түрк лицейинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Имар Жаникулов өзүнүн кесиптештерине предметтик, чейректик отчетторду түзүүнүн жолдорун көрсөткөн вебинар суроо жооптор менен өтө кызыктуу өттү. Айрыкча, балдардын коопсуздугу, мектепке убакыт, сааты менен келип кетүүсү EDUPAGE электрондук журнал менен бирдикте көзөмөлдөнүшү катышуучулардын кызыгуусун туудурду.

Вебинарга ошондой эле №1 Макмал орто мектебинин өнөктөш мектеби Жумгал районундагы А.Молдокеев атындагы инновациялык орто мектебинин директору Майрам Асанбаева, информатика мугалими Улук Талантбеков жана Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Насыбалы уулу Каныбек да катышып, эки мектеп өнөктөш мектеп катарында кандай иш тажрыйба алмашылып жаткандыгы жөнүндө пикир алышты. Эки башка облустагы окуучуларды достоштуруу, кылмыштуулуктун алдын-алуу боюнча иштер жүргүзүлө тургандыгы боюнча талкуу өтө кызыктуу өңүттө жүрдү.

— Азыркы ааламдашуу, тагыраагы, санарип жылында, интернет булактарындагы «Заманбап мугалим», «Креатив-таалим», «Санарип академия» курстары мугалимдердин кошумча билимдерин заманбап окуулар менен өнүктүрүп, мугалимдер үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат, — дейт башталгыч класстын мугалими Забида Кулубаева. Окуу процессинде санариптик маалыматтык каражаттарды колдоно билген башталгыч класстын мугалими З. Кулубаева республикалык деңгээлде өтүлүп жаткан «Санарип мугалим» конкурсуна катышып, ийгиликтерди жаратууда. Ал семинардын катышуучуларына Videoskcribe   программасы аркылуу түрдүү креативдүү презентацияларды, өзүн-өзү тааныштыруу баракчасын жасоону, Canva программасынан  визитканы өз табитине ылайык жасоону, Multiurok сайтынан окуучуларга түрдүү тесттерди түзүп жана аларды жөнөтуп кайра текшерип эле тим болбостон, түзгөн тесттер үчүн күбөлүктөрдү, сертификаттарды алууну көрсөттү.

Башталгыч класстын дагы бир мугалими Эльмира Сарбагышова 2020-жылдын 20-январынан баштап мектеп электрондук күндөлүккө жана электрондук журналга өткөндүгүн жана анын натыйжасында ата-энелер менен байланыш кадыресе бекемдегендигин айтып берди. Ал ата-энелер балдарынын сабакка катышуусун көзөмөлдөө иши электрондук журналга өткөндөн кийин кандай натыйжа бергендигин иш жүзүндө көрсөтүп берди.  Сабакка катышкан ата-энелер электрондук байланышка өткөндөн кийин убакытты үнөмдөө, мектеп менен байланышта болуу, мугалимдер менен пикир алышуу, баланы көзөмөлдөө сыяктуу иштерде эң жакшы шарт түзүлөөрүн кубануу менен белгилешти.

Мультимедиа ишти илгерилетет

Семинардын катышуучуларынын зор кызыгуусун жараткан дагы бир сабак башталгыч класстын мугалими Аракеева Назиманын  Ibilim электрондук мультимедиасы аудио, видео, түстүү сүрөттөр, интерактивдүү тесттик иштер менен коштолгон комплекстүү ресурстук база болуп саналаары тууралуу айтып берген сабак баяны болду.

— Ibilim пайдаланууга жеңил, ыңгайлуу жана натыйжалуу материал. Ага жети предмет камтылат. Материалдарды мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар онлайн түрүндө эркин колдоно алышат. Семинар катышуучулары башталгыч класстын окуучуларынын  билим сапатын ушул ыкмалардын жардамы менен жогорулатууга болооруна ынанышты,-дейт Назима Аракеева.

Тогуз-Торо районундагы №1 Макмал орто мектебинин директору Апал Базарова семинардын катышуучуларын топторго бөлүп, ар түрдүү темалар боюнча жаңы технологияларды колдонуу менен бет ачарларды өткөрүшкөн мугалимдеринин ийгиликтерине ыраазычылыгын билдирип өттү.

— Биздин мектептин мугалимдери өткөн сабактар баарына аябай кызыктуу жана пайдалуу болду деп ишенем. Алсак, башталгыч класстын мугалими Зайнура Аязова “Баадан баалоого — сандан сапаттуулукка өтүүдө” баалоонун түрлөрүн, конспектинин жазылышын, дептер текшерүүдөгү жаңы ыкмалар боюнча жана өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшсө, Жолдошалы кызы Нурзат замандын талабына ылайык өнүгүп-өсүү — мугалимдин чоң жоопкерчиликтүү иши болоорун смартфон, ноутбук компьютер аркылуу ар кандай сайттардан, интернет булактарынан электрондук почта ачуу, почта аркылуу документ жөнөтүү ыкмасын көрсөттү. Ал семинардын катышуучуларына GOOGLE онлайн тест түздүрүп, суроо жооп аркылуу кызыктуу программалар менен иштөөнүн жолдорун түшүндүрдү.

Ал эми башталгыч класстын дагы бир мугалими Айнура Токоева мезгилден артта калбай, жаңы технологияларды колдонуп эң кызыктуу сабак өтүүнүн жолдорун үйрөтүп жаткан «Заманбап» курсунун устаты, онлайн сабактарын Элдор Далиев менен биргеликте вебинарда керектүү программаларды түзгөндү, Canva. Com  сайтында резюме сертификат жана визитка жасоонун жолдорун көрсөтүп берди. Элдор Далиев el-sozduk.kg, uchitelya.com,uchportal.ru, orfo.kg,okuma.kg-электрондук китепкана, edu.gov.kg-билим берүү жана илим министрлигинин сайты, bizdin.kg-электрондук китепкана, bb.edu.gov.kg-билим булагы сайттары боюнча маалымат берди. Демек, бүгүнкү биздин тездик менен күн санап өнүгүп жаткан технология заманында, мугалимдин жаңы технологияларды аңдап-билип, өз ишинде колдонуусу — учур талабы экендиги талашсыз.

“Ким эскини алпештеп, жаңыны аңдап билсе, андай адам мугалим боло алат”деп айткан экен улуу ойчул Конфуций. Анын сыңарындай, биз, мугалимдер агартуу жолунун сап башында болушубуз абзел,-дейт Апал Базарова.

Семинардын соңунда катышуучулар семинарды жаңы үлгүдө, онлайн түрүндө өткөргөндүктөрү үчүн уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Т.Какаева, жыйынтыктоо сөзүндө мектеп турмушун көз жаздымда калтырбай, атайын убакыт таап келип катышкан Тогуз-Торо районунун акими А.Кожошовго, акимдин орун басары  Г.Султангазиевага, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиевге ыраазылык билдирип, семинарды мыкты уюштурган №1 Макмал орто мектебинин директору А.Базаровага жана ал жетектеген эмгек жамаатка мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Айнагүл Кашыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер