ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА ЖАНА ОКУУ РЕСУРСТУК БОРБОР АЧЫЛДЫ

  • 06.02.2023
  • 0

Ноокаттагы Н.К.Крупская мектебинде иш-чара салтанаттуу түрдө белгиленип, райондун китепканачылары, ата-энелер, мектеп жетекчилиги катышты. Ачылуу аземине Президенттин Ош облусу боюнча өкүлүнүн 1-орун басары Данияр Жаныкулов катышып, салтанттуу ачып берди.

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА ЖАНА ОКУУ РЕСУРСТУК БОРБОР АЧЫЛДЫ

Маалыматка таянсак, «Билерман ордо» оюнунун магистри Семетей Амиралиев китепканачыларга интеллектуалдык оюндардын мастер-классын көрсөттү.

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА ЖАНА ОКУУ РЕСУРСТУК БОРБОР АЧЫЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги  Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Н.К.Крупская атындагы орто мектебине да  компьютердик техникалары келип түштү. Долбоордун алкагында электрондук китепкана үчүн өзүнчө класс ачылып, ата-энелердин көзөмөлчүлүгүн жардамы менен эмеректер менен жабдылды.

Мектепке 21 даана компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, 1 көп функционалдуу принтер  берилди.

Аталган ресурстук борборго жоопкерчилик мектептин китепканачысы Роза Жаанбаевага жүктөлдү. Ошондой эле математика жана табигый так илим предметтеринин (физика, химия, биология, география) кааналарына проектор, компьютерлер орнотулду.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер