ЭЛЕКТРОНДУК ЭСКИ КЕЗЕК САКТАЛАТ

  • 14.04.2022
  • 0

Балдарды бала бакчаларга электрондук тизме менен кабыл алган жаңы система ишке киргенден бери мурда бала бакча кж сайты аркылуу катталган балдардын электрондук кезеги чыкпай, тынчсыздангандар болду. Себеби эски база иштебей, жаңы системага кирип каттоодон өтүү кыйынчылыктар менен коштолду дешет ата-энелер.

Жаш ата-энелердин бири Айзада үч жашар кызы Адемини былтыр эле электрондук каттоо боюнча бала бакчага кезекке коюп, ушул апрель-май айларында бала бакчага кирип калат деп күтүп жүргөнүн айтат.

— Кечээ жакында электрондук каттоо башталганда, эски база иштебей, социалдык тармактарда аябай ызы-чуу болбодубу. Мен да өз кезегибизди тактап коеюн деп, жаңы системага кирип, кайра каттоодон өтө албай кыйналдым. Жаңы порталга кайрадан кезекке туруу керек го деп, кайра башынан анкета толтуруп да көрдүм. Бирок мурда кезекке турган деген эски маалыматтар чыкты. Демек, биздин кезегибиз өз күчүндө болсо керек, — дейт Айзат.

Инфокомдун кызматкери Адыл Уланбеков, мурдагы базага балдарын каттаткандар кам санабай эле коюшса болорун, алардын кезеги сакталарын айтты. Анын айтымында, ал үчүн арыздын статусун текшерүү баскычына кирүү жетиштүү. Эгерде ата-эне сыр сөзүн же логинди унутуп калса, калыбына келтирүү баскычын басып, билип алса болот.

— Арыздын статусун текшерүү үчүн пинди киргизгенде, баланын кайсы бала бакчада, канчанчы кезекте экендигин автоматтык түрдө маалымат чыгат. Кээ бир адамдардын пиндери кирбей калган, кээ бир адамдардын маалыматтары туура эмес жазылган учурлар болуп жатат, биз алардын баарын ордуна келтирип жатабыз, — деди.

Адистер техникалык маселени жөнгө салып, билдирмени толтуруу жана аны тастыктоо процессин жөнөкөйлөштүрүп иштеп чыгууда. Алар эгерде электрондук каттоого байланышкан суроолор жаралса, 119 номуруна чалып, тактап алууга болорун билдиришти.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер