ЭЛДЕРДИН ДОСТУГУ УНИВЕРСИТЕТИНИН ОКУМУШТУУСУ КМУДА КОНОКТО
- 17.02.2022
- 0
15-февралда И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин журналистика, филология, лингвистика багытында билим алган студенттери үчүн Москва шаарындагы Элдердин достугу университетинин (РУДН) массалык коммуникация кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Касымалиева Кайркуль конок лекция окуду.
Лекциянын темасы: “Современные лингвистические теории” деп аталып, сабактын жүрүшүндө студенттерге лингвистикалык тексттер, алардын табияты, түрлөрү, алар менен иштөөнүн ыкмалары сыяктуу маселелер практика жүзүндө көрсөтүлдү. Лекциянын соңунда студенттер кызыккан суроолорун беришип, кызыктуу талкуу болду.
Ушул эле окутуучу дагы бир «Медиатекст» боюнча сабагын 21-февралда өтөт.
Иш-чаранын максаты студенттерди кесипке үндөө, сөз менен иштөө ыкмаларын үйрөтүү болуп саналат.
Комментарийлер