ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН…

  • 07.10.2020
  • 0

Мен 1987-жылы Ысык-Көл облустунун Ак-Суу районунун билим берүү бөлүмүнө инспекторлук кызматына келгем, бөлүмдү Жанкороз Каниметович Каниметов башкарып жаткан кези экен. Кийин 1991-жылдын аягынан баштап облустук билим берүү башкармалыгында дагы эмгек жолумду улантып, ал кишинин жетекчилигинде эмгек жолумду уланттым. Жанкороз Каниметович менен иштеген жылдарым менин педагогикалык иш тажрыйбамдагы эң маанилүү жылдардан болду десем жаңылышпайм. Областтын ар бир мектебине барып, жүздөгөн мугалимдер менен баарлашып, алардын сабактарын талдап, мектептердин көйгөйлөрүн жеринде чечүүгө аракет жасачу.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН...

Эгемендүүлүктү алгандан кийин өлкөнүн билим берүү чөйрөсүндө да жаңылануу, жаңы типтеги мектептерге болгон талап күч эле. Жөнөкөй орто мектептердин статусун гимназия, лицей статусундагы мектептерге айландыруу максатында ар бир жетекчи менен жеке иштеди. Ар бир жетекчиге иштин максатын, чоо-жайын жеткиликтүү түшүндүрүп берчү. Натыйжада, Каракол шаарындагы №11 Горький атындагы гимназия мектебин, Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейин жана Ысык-Көл Х.Карасаев атындагы кыргыз-түрк лицейин инновациялык иштелмелерди аткарып чыга турган бирдиктүү методикалык борборго айландырды. Бул мектептердин окуучулары предметтик, билим берүү олимпиадаларында ийгиликке жетип жатышты, мугалимдер алдыңкы педгогикалык инновациялык технологияларды өздөштүрүп, жалпы облустун мугалимдерине үлгү боло алышты.

Иш учурунда көптөгөн көйгөйлөргө учурадык, аларды чечүүдө Жанкороз Каниметовичтин сабырдуулугу, алпейим мүнөзү жеңишке алып келчү. Жанкороз Каниметович депутат болгон жылдары дагы билим берүү тармагы коз жаздымда калган жок. “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдардын автору, Түркия Республикасы менен парламенттер аралык комиссиясында активдүү иштерди жүргүзүп, башка өлкөлөрдүн алгылыктуу ыкмалары менен саамалыктарын Кыргызстанга жайылтууну көздөчү.

Жанкороз Каниметовичтин педагог катары, мамлекеттик ишмер катары аткарган эмгектери көзү өтүп кеткенден кийин өлкөбүздүн гезит беттеринде байма-бай жарыяланып жатат.

“Кутбилим” гезитинде жарыяланган Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиевдин макаласын окуп чыгып, замандашы, кесиптеши катары мен дагы Жанкороз Каниметович Каниметовдун ысымын Каракол шаарындагы №11 Горький атындагы мектепке ыйгарууну сунуштайм.

Р.Асакеева, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Эл агартуунун отличниги, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин вице-президенти

Бөлүшүү

Комментарийлер