ЭЛ ДОСТУГУ ЫНТЫМАКТА

  • 21.02.2023
  • 0

21-февраль эне тил күнүнө карата  Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору, ЭлТР, КР элдеринин Ассамблеясы  менен биргеликте   «Эл достугу ынтымакта» аттуу  концерттик программасын элге тартуулашты.

ЭЛ ДОСТУГУ ЫНТЫМАКТА

Бул программа   көп улуттуу Кыргызстанда  жашаган  улуттардын  достугун, ынтымагын, ырашкерлигин   даңазалаган, өлкөнүн көп түрдүүлүгүн  аныктаган, ар улуттун тилин билүүгө, сүйлөөгө, жазууга умтулткан программа тартуулашты.

— Кыргызстанда жашаган ар улут “Мекеним – Кыргызстан” деп бир туунун алдында биригип, ак дилдерин билдирип, өз эне тилинде ырдап, улуттук бийлерди бийлеп, кызыктуу кече тартуулашты. “Сейтек” борборунун  чыгармачылык топтору, ансамблдери да катышты, — дейт “Сейтек” борборунун директорунун милдетин аткаруучу Ира Балтабаева.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер