ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ОКУТУУЧУЛАРДЫН СПАРТАКИАДАСЫ АЯКТАДЫ

  • 03.02.2020
  • 0

1-февралда  К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлгөн спартакиада ийгиликтүү аяктады.

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ  ОКУТУУЧУЛАРДЫН СПАРТАКИАДАСЫ АЯКТАДЫ

Ага окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүнөн беш курама команда катышып, волейбол, баскетбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, комбинацияланган эстафета, гиря көтөрүү, бильярд, аркан тартышуу боюнча мелдешишти. Оюнчулар да, күйөрмандар да спорт залдан чыкпай, эч бир оюнду өткөрбөй, спорт майрамын көңүлдөгүдөй өткөрүштү. Спартакиада оюндарында ЭАУнун агай-эжекелери спорттук оюндарда черин жазып, командалык оюндарда жамааттык ынтымагын чыңдашты. Спартакиаданын соңунда жыйынтыктар чыгарылып, мыкты командалар, мыкты оюнчулар, мыкты күйөрмандар кубоктор, дипломдор, грамоталар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлыктарды берүүдө ЭАУнун ректору С.Өмүрзаков спартакиада боюнча жакшы жыйынтыктарды чыгарып, сергек жашоо ыңгайына үгүттөп, оюндарга активдүү катышкан жетекчилерди, агай-эжекелерди жана кызматкерлерди өзгөчө белгилеп, мактоо сөздөрүн айтты.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана

коомчулук менен байланыштар кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер