ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ 25 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛӨӨДӨ

  • 06.04.2018
  • 0

1-апрелде Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин түзүлгөнүнө 25 жыл болду. Учурда окуу жайда мааракеге карата бир катар маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө.

ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТ 25 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛӨӨДӨ

Мааракенин алкагында “Кут ордо” тейлөө комплексинде бильярд боюнча чөлкөмдүк ачык мелдеш өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарынын оюнчулары катышып, күч сынашышты. Жыйынтыгында би- ринчи орунду Жалал-Абад шаарынын оюнчусу Абазов Мээримбек, экинчи орунду Ураимов Айбек, үчүнчү орунду Ош шаарынын оюнчусу Калыбек уулу Арсен ээлеп, окуу жайдын сыйлуу белектерин алышты. Мааракенин алкагында “Тамаша — 2018” фестивалы дагы өткөрүлүп, анда жалпы беш команда шаар тургундарына күлкү тартуулашты. Иш-чара окуу жайдын мыкты ырчыларынын концерти менен коштолду. Окуу жай мааракесин белгилеп жаткан кезде алдыңкы студенттери 30-мартта Бишкек шаарында жаштар арасында социалдык долбоорлорду илгерилетүүчү “ENACTUS-Кыргызстан” коомчулугу жана “БТА Банк” жабык акционердик коому уюштурган “Кыргызстан – накталай эмес эсептешүүлөр өлкөсү” темасында долбоорлор сынагында I орунду жеңип алышып, окуу жайга юбилейлик белек тартуулашты. Сынакка 22 окуу жайдын командалары катышкан.

Ч.КИЙИЗБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер