ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГГЕ ЧЫГУУ АРАКЕТИ

  • 10.02.2023
  • 0

ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГГЕ ЧЫГУУ АРАКЕТИ

ОшТУда «Веб импакт, академиялык репутация, ОшТУнун QS рейтингине кирүүдөгү ролу жана ага кирүүгө даярдык» аттуу семинар өттү.

ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГГЕ ЧЫГУУ АРАКЕТИ

Учурда эл аралык билим берүү тармагында жогорку окуу жайлардын эл аралык рейтингге катышуусу жана билим сапатынын деңгээли, академиялык бедел абитуриенттердин окуу жайларды тандоосу, иш берүүчүлөрдүн окуу жайга берген баасы, илимий макалалар актуалдуу маселелерден болууда. Бул багытта 10-февралда Ош технологиялык университетинде өткөн семинарда сөз болду. Мында ОшМУнун рейтинг секциясынын башчысы Тотобаев Максат практикалык мазмундагы баяндама жасап, эл аралык рейтингдин келечекте билим берүүгө тийгизген таасири, өнүгүүгө карай көрүлгөн иш-аракеттер жөнүндө айтып берди.

ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГГЕ ЧЫГУУ АРАКЕТИ

Ош технологиялык университети өлкөнүн башка окуу жайларындай эле заман талабына ылайык билим берүүдө жана илимий долбоорлорду аткарууда эл аралык деңгээлдин талабын аткарууга аракет кылып келет. Бул багытта ар кандай эл аралык келишимдер түзүлүп, илимий иштер жазылып, корголууда.

Семинар мазмундуу суроо-жооптор менен коштолуп, алдыдагы максат, милдеттер айтылды.

Ч.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер