ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

  • 21.02.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын 10-12-февралда Румынияда өткөн VIII Эл аралык Info (1) Cup олимпиадасында Кыргызстандан катышып,  жеңип алгандар менен журналисттердин жолугушуусун уюштурду.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

Сынактын талабы

Иш-чара алгач “Сапат” мектебинде өтөт. Анткени жеңүүчүлөрдүн ичинен төрт медалист так ушул “Сапат” мектебинин окуучулары. Андан соң министрликте “Газпром” мектебинин окуучусу жана аны даярдаган тренери журналисттерге маек куруп беришет.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

Уюштуруучулардын талабы боюнча ар бир катталган команда эң көп дегенде төрт катышуучудан жана эң көп дегенде эки команда лидеринен турат экен. Олимпиадага 2008-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөндөр гана катыша алышыптыр.

Сынак катышуучулардын жекече аткарган тапшырмаларынан турат. Бардык командалар Prahova Excellence Center чакыруусу менен катышыптыр. Чакырылгандан кийин ар бир команда башкы беттеги Каттоо баскычын басуу менен онлайн каттоо баракчага өзүнүн маалыматын жана тизмесин киргизгенден кийин гана катышуучу болуп эсептелет.ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

— Сынак онлайн форматта видеокөзөмөл менен өттү.  Ар бир окуучунун компьютерин көзөмөлдөгөн камералар орнотулду. Окуучуларды сынакка катыштырууда милдеттүү талаптардын ичинде  акыркы эки жылда информатика боюнча олимпиаданын улуттук этабында медаль утуп алуу кирет экен, б.а. ONI 2023, ONI 2022. Ал эми Румыниянын курама командалары мелдешке автоматтык түрдө чакырылат экен.

Prahova County Excellence борбору — CNILC, кабыл алуучу катары, эки команда менен катышты. Эки тур тең бирдей техникалык эрежелердин негизинде уюштурулат: ар бир окуучу кийинки тур үчүн өзүнүн жеке маалыматтарын каттоо баракчасынан көрө алат (www.info1cup.com шилтемеси, 2024-жылдын 31-январынан баштап), ошондой эле шилтеме жеңил жетүү үчүн. атаандаштык платформасы (CMS). Ар бир тур үчүн тапшырмаларды ар бир катышуучунун эне тилине которууга болот. Ар бир команданын жетекчисинин милдети, бригаданын эрежелерин так сактоо, эгерде каттоо процессинде көйгөйлөр жаралса, команданын жетекчиси техникалык топ менен [email protected] дареги боюнча байланышуусу керек. Олимпиадага 13 өлкөдөн катышты, — дейт «Сапат» билим берүү мекемесинин тренери К.Урайымов.

Жеңүүчүлөр кимдер?

Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков — күмүш медаль; Бишкектеги «Газпром Кыргызстан»  мектебинин 8-классынын окуучусу  Ян Бобрус —  күмүш медаль; Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу Абдулазиз Лебиев, —  күмүш медаль; Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева,–  коло медаль; Ош “Сема” лицейинин 8-классынын окуучуcу Абдуллахан Абдирасулов  –  коло медаль жана Байыш Минбаев, Ош “Сема” лицейинин, 9-классынын окуучуcу –  коло медаль утуп алышты.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

Ал эми ар бир окуучуну даярдаган мугалимдер жана тренерлерди дагы атап кетпесек болбостур. Алар:  Кылычбек Урайымов, Сапат олимпиада борборунун информатика олимпиада боюнча тренери; Медербек Осмонов, «Газпром Кыргызстан» мектебинин информатика олимпиада боюнча тренери;  Нургул Бактыбекова, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин информатика мугалими жана  Анварбек Хайдаров, Ош “Сема” лицейинин информатика мугалими.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГАТ

Баса, олимпиадага Кыргызстан, Армения, Азербайжан, Бельгия, Болгария, Египет, Грузия, Венгрия, Казакстан,  Молдова, Румыния, Сирия, Украинадан болуп,  жалпы 135 окуучу катышты.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер