ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 20.11.2020
  • 0

19-ноябрда  “54-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасы” жана “IchO-2020” олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү билим берүү жана илим министрлиги тарабынан баалуу белектер менен сыйланды.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

2019-2020-окуу жылында Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында пилоттук түрдө альтернативдүү олимпиада өткөрүлгөн.

Олимпиаданын негизги максаттары болуп:

  • физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн талапкерлерди тандоо жана даярдоо;
  • өзгөчө зээндүү окуучуларды аныктоо жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
  • окуучулардын табигый-математикалык циклдеги предметтерди терең өздөштүрүү боюнча окууга умтулуусунун жана кызыгуусунун деңгээлин жогорулатуу;
  • окуучуларда критикалык талдоо көндүмдөрүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн баалоо жөндөмдөрүнүн өнүгүүсүнө жана жеке билиминин келечектеги жолун аныктоого көмөктөшүү;
  • эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн даярдоочу жогорку квалификациялуу, чыгармачыл окутуучуларды аныктоо жана шыктандыруу эсептелет.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Олимпиаданын биринчи жана экинчи баскычтары онлайн режимде, ал эми үчүнчү баскычы салттык режимде өткөн.

Пандемияга байланыштуу төртүнчү баскыч болбогондуктан, үчүнчү баскыч жыйынтыктоочу деп эсептелген.

Химия боюнча үчүнчү баскычта эң жогорку баллга ээ болгон 20 окуучудан,  Эл аралык олимпиаданын уюштуруучулары тарабынан аныкталган квоталарга ылайык 3 окуучу катышкан.

«54-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасы» 13-18-июлда мектеп окуучуларынын арасында онлайн  өткөн. Ага Кыргызстандын 4  мектеп окуучусу катышып,  бир күмүш, эки бронзага ээ болгон.

Алар:

  • Соодонбеков Нурсултан – Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин 10-классынын окуучусу (күмүш);
  • Кубанычбек Камиль – Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин 10-классынын окуучусу (коло);
  • Мамбетов Камил – Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу (коло).

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Ал эми » IChO-2020″ (52-Эл аралык химия олимпиадасы) 23-30-июлда мектеп окуучулары арасында онлайн режимде  өткөн. Олимпиадага 68 өлкөнүн командалары жана Кыргызстандан 4 мектеп окуучусу катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар үч медаль (бир күмүш, эки бронза) алган.

Алар:

  • Кубанычбек Камиль – Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин 10-классынын окуучусу (күмүш);
  • Соодонбеков Нурсултан – Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин 10-классынын окуучусу (коло);
  • Мамбетов Камил – Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу (коло).

«54-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасына» жана  «IChO-2020» (52-Эл аралык химия олимпиадасына) мектеп окуучуларын даярдоону жана онлайн өткөрүү боюнча камсыздоону Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Б.М. Боркоев, ушул эле окуу жайдын  доценти К.Т. Салиева , Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин химия мугалими Мунарбек Айтиев  жана Эл аралык медицина университетинин химия мугалими Альмир Самаркулов  ишке ашырган.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер