ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМУнун СТУДЕНТТЕРИ ЭКИНЧИ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

  • 26.12.2023
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин “Vit’oss” студенттер командасы Россия Федерациясынын Новосибирск мамлекеттик медициналык университетинде студенттердин жана жаш окумуштуулардын “Морфология жана хирургия” II эл аралык форумунун алкагында өткөн олимпиадада 2-орунга ээ болушту.

ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОшМУнун СТУДЕНТТЕРИ ЭКИНЧИ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

ОшМУнун студенттери олимпиаданын жүрүшүндө жаныбарлардын жүрөк-кан тамырына, ичеги-карынына, жыныстык органдарына заманбап ыкмалар менен лапароскоп аппаратынын жардамында операцияларды жасашкан. Аны менен катар жарааттарды жабуунун бир нече ыкмаларын көрсөтүп беришкен.

Белгилей кетсек, олимпиадага КМШ өлкөлөрүнөн 14 команда катышкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер