ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮН ӨТКӨРҮҮДӨ

  • 11.03.2021
  • 0

Бүгүн, 10-мартта Эл аралык Кувейт университетинде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Озерное жана Пригородное орто мектептеринин бүтүрүүчү класстары үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлүүдө.

ЭЛ АРАЛЫК КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮН ӨТКӨРҮҮДӨ

-Биз жаштарга кайталангыс жана ажайып араб дүйнөсүнө жол ачабыз. Эл аралык Кувейт университети – жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери дүйнөнүн араб өлкөлөрүндө иштеш үчүн араб тилин билген жогорку билимдүү кадрларды даярдаган бирден-бир окуу жайы,- деп белгиледи педагогика илимдеринин доктору, проректор Аскар Байсеркеев.

Болочок абитуриенттер алдында кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы К.Шамбеталиев, кафедра башчылары, анын ичинде педагогика илимдеринин доктору Дөлөн Бабаев чыгып сүйлөп, университеттин тарыхы жана бул жерде кайсы кесиптерди тандап алууга болоору тууралуу кеӊири айтып беришти.

Меймандар үчүн жогорку окуу жайында экскурция уюштурулуп, бүтүрүүчү-студенттер менен окуучулардын жолугушуулары өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, мектеп окуучулары үчүн мындай жолугушуулар алгачкы ирет өткөрүлгөн жок. Жакында эле ЭКУну Нарын шаарынын орто мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары келип кетишкен.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер