ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАБЫЗ
- 13.03.2024
- 0
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети 2024-жылдын 19-апрелинде Кара-Кыргыз автономиялык облусунун 100 жылдыгына арналган «Борбордук Азия заманбап эл аралык мамилелерде: жаңы глобалдык тренддерди талдоо ыкмалары» темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференциянын ишине катышууга чакырат.
Конференцияга катышуу үчүн 2024-жылдын 5-апрелине чейин өтүнмөнү толтуруу жана тезисти же макаланын текстин (жарыялоо үчүн) төмөнкү э-почтага жөнөтүү зарыл: [email protected]
Конференциянын жумушчу тилдери: кыргыз, орус, англис.
Байланыш маалыматтары: +996(552)565533, +996(557)242624, +(996)500559596
Толугураак — https://edu.gov.kg/announcements/350/
Бөлүшүү
Комментарийлер