ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ КЫРГЫЗСТАН – МОНГОЛИЯ

  • 29.04.2021
  • 0

28-апрелде БатМУ КГПИде окуу-усулдук жумалыктын алкагында «Педагогикалык чеберчиликтин калыптануусунда өзүн-өзү өркүндөтүүнүн жана тарбиялоонун ролу» деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция онлайн форматта болуп өттү.

ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ КЫРГЫЗСТАН – МОНГОЛИЯ

Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы кафедрасынын жооптуулугу менен өткөрүлгөн иш-чарага Монголиянын Ховда университетинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Ж.Баласагын атындагы   КМУУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун жана КГПИнин илимпоздору, окутуучулары жана биздин студенттер катышты.

Илимий-практикалык конференция  бүт өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган, улук окутуучу Букатыча Мадумарованын жаркын элесине арналып, анын инсандык сапаттарын, окуу жайдын педагогикалык кесипке даярдоодогу эмгегин эскерүү; окуу жайдын, БББПМ кафедрасынын эл аралык жана башка ЖОЖдор менен тажрыйба алмашуу байланышын чыңдоо; ПО курамынын жана студенттеринин кесиптик компетенцияларын калыптандыруу;  ПО курамынын илимий-изилдөөчүлүк  ишин жандандыруу деген сыяктуу максаттарды көздөп уюштурулду.

Онлайн  конференцияны ачуу үчүн:

  1. Баткен мамлекеттик университетинин ректору, э.и.д., профессор Гыязов А.Т.
  2. БатМУ Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун директору п.и.к., доцент Максутов З.Н.
  3. Ховда университетинин Баян-Өлгий аймактык филиалынын директору, (Ph.D) доктор Гаура Сабихан.
  4. Ховда университетинин Баян-Өлгий аймактык филиалынын доктор (Ph.D), доцент Хиналган Жылкыайдар.
  5. БатМУ КГПИнин педагогика факультетинин деканы ф-м.и.к., доцент Кошуев А.Ж.
  6. КГПИнин БББПМ кафедрасынын доценти, п.и.к. Миталипов К.М. сөз алышып, бул иш-чаранын максаты, окуу жайлар үчүн маанилүүлүгү тууралуу кеп кылышты.

Конференцияда гуманитардык багыттагы 23 баяндама окулду. Ар бир докладчиктин жазган илимий макаласы азыркы учурдагы актуалдуу теманы алып чыккан.

Беш саатка созулган иш-чаранын жыйынтыгында эки окуу жайдын кызыкчылыгына ылайык келген резолюция кабыл алынды. Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы кафедрасы Монголиянын Ховда университетинин Баян-Өлгий аймактык филиалы менен тажрыйба алмашуу, биргеликте педагогикалык кызматташуу келишимдерине кол коюшту, КГПИнин жетекчилиги тарабынан  ыраазычылык каттар берилди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер