ЭКСПЕРТТЕР КЫРГЫЗСТАНДА КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КОЛДООНУ ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 11.11.2022
  • 0

2022-жылдын 10-ноябрында “Эне тилдин негизинде көп тилдүү билим берүүнү киргизүү: өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун актуалдуу маселелери» деген темада Координациялык кеңешме болуп өттү.

ЭКСПЕРТТЕР КЫРГЫЗСТАНДА КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КОЛДООНУ ТАЛКУУЛАШТЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Инновациялык технологиялар борборунун, Социалдык интеграция борборунун кызматкерлери, эксперттер, Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылык иштери боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азия билим берүү программасынын өкүлдөрү көп тилдүү окутууну киргизүүнүн актуалдуу маселелери боюнча маалымат алмашышты. Ошондой эле көп тилдүү окутууну илгерилетүү боюнча кызматташууну, артыкчылыктарды жана иш-чаралар планын талкуулашты.

Кеңешмеге Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылык иштери боюнча Жогорку комиссарынын Борбордук Азия билим берүү программасынын аймактык менеджери Гүлназ Саирова, Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин билим берүү бөлүмүнүн башчысы Томоя Санода, Сорос-Кыргызстан фондунун билим берүү программаларынын директору Валентин Дейчман катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер