ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ РОЗА  ОТУНБАЕВА ОГПИДЕ

  • 11.09.2018
  • 0

10-сентябрда Ош шаарына иш сапар менен барган Кыргыз Республикасынын экс-президенти, Бириккен Улуттар Уюмунун (ООН) жогорку деңгээлдеги кеңешчилер комиссиясынын мүчөсү жана «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фонддун төрайымы Роза Отунбаева Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп, окутуучулук-профессордук курам жана студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы кабарлады.

ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ РОЗА  ОТУНБАЕВА ОГПИДЕ

Жолугушууда Р.Отунбаева куттуу окуу жайга конок болгонун кубануу менен белгилеп, катышуучуларга билим берүү тармагынын дүйнөдөгү заманбап көрүнүштөрү жөнүндө лекция окуду. Андан кийин жамааттын жана студенттердин түрдүү суроолоруна жооп берип, жаштарга өзүнүн бир топ кеңештерин берди. Экс-президент студенттерди ааламдашуу доорунда замандан артта калбай, масштабдуу ой жүгүртүп жашоого чакырып өттү.

ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ РОЗА  ОТУНБАЕВА ОГПИДЕ

ОГПИнин эмгек жамааты «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп келген “Жайлоо өнүктүрүү борборлору” долбоорунун негизинде ишке ашып жаткан мектепке чейинки билим берүү багытындагы жайкы лагерлерде активдүү иш алып барып келишет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер