ЭКИ ЖУМАЛЫК ДЕКАДА

  • 04.05.2022
  • 0

Профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык-технологиялар мектеп-лицейинде 2021-2022-окуу жылынын 4-апрелинен 16-апрелине чейин «Окуучулардын таанып-билүү жана тарбиялоо ишмердүүлүктөрүн активдештирүү» деген темада башталгыч класстардын эки жумалык декадасы болуп өттү.

ЭКИ ЖУМАЛЫК ДЕКАДА

«Билим башаты – башталгыч класс” деп айтылгандай эле декада абдан чоӊ

чыгармачылык менен даярдалды жана өткөрүлдү. Декаданын ачылышын 3-«в» классынын окуучулары
(куратору Чойбекова Жылдыз Шейшеновна) баштап, атайын
даярдалган флешмобду коштоп бийлөө менен катышуучуларга жана ата-энелерге жагымдуу маанай тартуулашты.
Декада учурунда ар бир мугалим өзүнүн кесипке болгон сүйүүсүн жана чыгармачылык, изденүүчүлүк дараметин ачып көрсөтүштү. Замандын талабына ылайык заманбап сабактарды
мультимедиялык каражаттарды пайдалануу менен жогорку деӊгээлде өтүштү. Бардык мугалимдер сабактарга мыкты даярдыктар менен келишти.
1-класстар арасында “Билимдер фестивалы” уюштурулуп, ар бир окуучунун бир жыл ичинде окуп-үйрөнгөн билимдерин көрсөтүштү.
Ошондой эле декада учурунда 1-класстын кураторлору: Асанкадырова Гүлүмкан,
Бекбоева Гүлайна, Көкөева Ишенгүл, Бекбоева Гүлмира, Султанбаева Назгүл, Майрыкеева Гүлайым, Орозалиева Гүлкайыр, Жаныбек кызы Эркайымдар КББАнын ага илимий кызматкери Алымбаева Бермет Бекешовнанын 1-класстар үчүн түзүлгөн тарбиялык сабактарын апробациядан өткөрүп беришти. Автор кураторлорго ыраазы болуп, өзүнүн ыраазылыгын билдирүү менен автордук китебин белекке тапшырды.

ЭКИ ЖУМАЛЫК ДЕКАДА

2-класстар “Спорт – ден соолуктун булагы” деген темада класстар арасында дене
тарбия мугалими менен биргеликте спорттук мелдеш өтүштү. Таймаш абдан пайдалуу жана кызыктуу болду.
3-класстар “Табиятты сүй, кастарла” деген темада дубал-газета уюштурушту.
4-класстар “Сармерден” оюнун жогорку деӊгээлде өткөрүштү. Эрке бала менен шайыр кыздын ролун алып барган окуучулар чоңдордон кем калышкан жок.

МАЙРЫКЕЕВА Гүлайым, Бишкек шаарындагы профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык- технологиялар мектеп-лицейинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер