ЭКИ МАМЛЕКЕТТИК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫН РЕКТОРЛОРУ АТТЕСТАЦИЯЛООДОН ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 28.03.2024
  • 0

26-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик жогорку окуу жайларынын, тагыраагы Баткен мамлекеттик университетинин, Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы ректорлору аттестациялоодон өтүштү.

ЭКИ МАМЛЕКЕТТИК ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДЫН РЕКТОРЛОРУ АТТЕСТАЦИЯЛООДОН ӨТКӨРҮЛДҮ

КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу төрагалык кылган аттестациялык комиссия төмөндөгү критерийлер боюнча ректорлордун ишине баа берди.

  • аткарылган иштердин негизги жыйынтыктары жөнүндө отчет;
  • университеттин келечектеги ишмердүүлүгүнүн программасы;
  • бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу;
  • билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүк;
  • инфраструктуралык жана финансылык-экономикалык ишмердүүлүк.

Аттестация ЖОЖдун жетекчилеринин ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо максатында үч жылда бир жолу туруктуу негизде жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер