ЭКИ ЭЛДИН ОРТОСУНДАГЫ ДАНАКЕР

  • 15.12.2022
  • 0

Кыргыз-казак адабий, маданий байланышына зор салым кошуп келе жаткан окумуштуу, Казак Республикасынын Илимдер академиясынын Ардактуу академиги, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Ардактуу профессору, КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Жарлыгы менен Казакстан Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы — II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды.

ЭКИ ЭЛДИН ОРТОСУНДАГЫ ДАНАКЕР
Академик А.А. Акматалиев казак акын-жазуучулары, маданий ишмерлери менен өтө тыгыз байланышта болуп келет. Анын 60тан ашуун эмгеги казак басмаларында казак, орус тилдеринде 1980-жылдардан бери чыгып келе жатат. “Эгиз элдин обону” деген китеби казак тилинде 1989-жылы жарык көргөн. Ал Абай, М. Ауэзов, Шал акын, О. Сулейменов, А. Нурпеисов, А. Кекильбаев, О. Бокеев, С. Сакбаев, К. Мухамеджанов, Д. Исабеков ж.б. чыгармаларын талдаган. Казак жеринде өткөн 200дөн ашуун эл аралык конференцияга катышкан. Академиктер З. Кабдолов, З. Ахметов, Т. Какишев, С. Каскабасов, С. Киребаев менен бирге илимий шакирттерди тарбиялоого камкордук көргөн, казак университеттеринде лекцияларды окуган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер