ЭАУНУН СТУДЕНТТЕРИ АКЫЛ ТАЙМАШТА II ОРУНДА

  • 22.12.2021
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин юриспруденция багыты боюнча 2-3-курстарынын студенттери мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам темасында жогорку окуу жайлар арасындагы квиз-оюнунда II орунду ээлешти.

ЭАУНУН СТУДЕНТТЕРИ АКЫЛ ТАЙМАШТА II ОРУНДА

Оюнду Сорос Фонду, Кыргыз мамлекеттик юридикалык жардамы, Кыргыз Республикасында мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды өнүктүргөн мамлекеттик эмес уюмдардын улуттук тармагы, “Адам, укук, эркиндик” коомдук фонду  уюштурду. Анда республиканын 15 жогорку окуу жайынын командалары катышып, биринчилик үчүн ат салышышты. Натыйжада ЭАУнун студенттери 2-орунду багындырып, баалуу сыйлыкка татышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер