ЭАУнун СТУДЕНТИ ЧЕМПИОН

  • 04.11.2021
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин юриспруденция багыты боюнча 2-курсунун студенти Абдыкалык кызы Малика спорттун каратэ-до түрү боюнча (кумитэ программасында) Кыргыз Республикасынын ачык чемпионатында жана биринчилигинде +50 кг. салмагында III орунду жеңип алды.

Аталган чемпионат Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын каратэ-до “Сётокан” улуттук фелерациясы тарабынан үстүбүздөгү жылдын 23-24-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн. ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы, кызматкерлери, студенттери Абдыкалык кызы Маликанын ийгилиги менен сыймыктанышат жана ага спорт жаатында жаңы, мындан да жогорку деңгээлдеги ийгиликтерге жетишүүсүн каалашат!

Бөлүшүү

Комментарийлер