ЭАУДА ЖУСУП АБДЫРАХМАНОВДУН 120 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ӨТТҮ

  • 18.11.2021
  • 0

18-ноябрда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде мамлекеттик ишмер Жусуп Абдырахмановдун 120 жылдыгына арналган “Жусуп Абдырахманов – кыргыздын чыгаан мамлекеттик ишмери” аттуу республикалык илимий-практикалык кереге кеңеш гибриддик форматта өттү.

Аталган кеңеште “Жусуп Абдырахманов баш мыйзамдын биринчи түзүүчүсү”, “Жусуп Абдырахмановдун мамлекеттик кызматтагы ишмердиги”, “Алгачкы кыргыз интеллигенциясынын мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү ишмердиги”, “Репрессияланган мамлекеттик ишмерлердин үй-бүлөлөрүнүн күйүттүү тагдыры”, “Жеке инсандын мамлекеттин тарыхындагы ролу”, “Жусуп Абдырахманов улуттук лидер” ж.б. темаларда бир катар илимий баяндамалар окулду. Аны менен бирге окутуучу Ж.Салибаеванын “Ата-Бейит” видео тасмасы да көрсөтүлдү.

Жогорудагы темаларда даярдалган баяндамалар университеттин “ЭАУ жарчысы” илимий-популярдык журналында жакынкы мезгилде жарыяланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер