Э.БАЙСАЛОВ ИШ САПАРЫ МЕНЕН ОШМУДА
- 22.02.2022
- 0
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов 21-февралда ОшМУга иш сапары менен келди. Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, ОшМУнун ректору К.Кожобеков менен биргеликте окуу жайдагы жаңы курулган окуу корпусу менен таанышты.
Сапардын алкагында университеттин Индустриалдык-педагогикалык колледжиндеги алдыңкы тажрыйба борборунун билим берүүдөгү тажрыйбалары тууралуу маалымат алды. ОшМУнун медициналык клиникасынын иш тажрыйбасы менен жеринен таанышты.
Жалпысынан ОшМУнун санариптик билим берүү чөйрөсү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча аткарылган иш-аракеттери, академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча маалыматтарды алды.
Бөлүшүү
Комментарийлер