ЭӉ БААЛУУ БЕЛЕК

  • 17.12.2022
  • 0

Казакстандагы Назарбаев Университетинин профессору Дүйшөн Шаматов Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгына жана райондун бардык мектептерине өзүнүн «Билим – бакыт канаты» деген китебин тартуулады.

Окуучулардын билим сапатына жакшы таасир эткидей бул китептин 133 нускасы райондогу мектептерге таратылды. Азыркы мектептердин абалын кантип жакшыртып, мугалимдердин кесипкөйлүгүн арттыруу, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, ЖОЖ жана илим чөйрөсүндөгү орчундуу маселелер боюнча жазган мазмундуу макалалары менен катар адам баласынын жашоосундагы эӊ маанилүү дөөлөттөргө тиешелүү сабак болорлук баяндардын мыкты котормосу камтылган бул китеп биздин мугалимдер үчүн баа жеткис белек болду.

Дүйшөн агай буга чейин үч жыл катары менен «Мен мугалим болгум келет» дилбаян конкурсун өткөрүп келген.

Айтмакчы, «Аян» окуу борбору бул китепти окуу боюнча конкурс уюштурду.  Каалоочулар 25-декабрга чейин катталып, 28-декабрда онлайн тесттен өтүшөт. жеӊүүчүлөргө ноутбук (I даражадагы диплом), смартфон (II жана III даражадагы дипломдор), ошондой эле дагы үч орун үчүн акчалай сыйлык ыйгарылат. Катталуу үчүн ватсап номур: 0770144400

ЭӉ БААЛУУ БЕЛЕК

Мугалимдерден алкыш сөз

 

ЭӉ БААЛУУ БЕЛЕК

Нариман айыл өкмөтүндөгү мектептердин соц. педагогдору

 

Саламатсызбы, Дүйшөн Алиевич!

Биз, Нариман айыл өкмөтүнө караштуу 16 мектептин мугалимдери, «Билим – бакыт канаты» аттуу китебиңизди алдык. Сизге терең ыраазычылык билдирүү менен ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Билим берүү тармагына чын жүрөктөн жан үрөп, салым кошуп келесиз.

Дайыма зоболоңуз бийик болуп, элдин сый урматында жүрө бериңиз. Биз сиздей агай менен сыймыктанабыз.

Кара-Суу районундагы №76 «Эркин Кыргызстан» орто мектебинин директору Гүлмайрам Жанболотова

 

 

Урматтуу Дүйшөн Алиевич,  сиздин «Билим – бакыт канаты» аттуу китебиңизди алып, аябай таасирленип окудук. Китеп абдан мазмундуу экен. Азыркы биздин билим берүүдөгү көйгөйлүү маселелерди салыштыруу аркылуу  жеткире билгениңиз өзүнчө бир сыймык.

Мындан мурун «Мен мугалим болгум келет» аттуу дилбаян сынагын уюштуруп, окуучуларыбыздын алдыга умтулуусуна өбөлгө түздүңүз. Дагы да болсо биз Отуз-Адыр мектептери сиздин уюштуруп жаткан ар кандай конкурстарыңызга жан дилибиз менен катышууга даярбыз.

Сизди терең урматтоо менен, Отуз-Адыр айыл аймагындагы мектеп директорлору.

ЭӉ БААЛУУ БЕЛЕК

Жоош айыл өкмөтүнүн мугалимдер

 

Профессор Дүйшөн Шаматовдун «Билим – бакыт канаты» китебин алдык. Агайдын буга чейин да уюштурган конкурстарына окуучуларыбыз катышып келген. Агайга белеги үчүн чоң рахмат, мугалимдерге жакындан жардамы тийет деген үмүттөбүз.

№70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин директору Гүлжамал Раева.

Бөлүшүү

Комментарийлер