ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ВЕТЕРИНАРЛАРЫ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАДА

  • 09.10.2026

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде келечектеги адистердин практикалык даярдыгын күчөтүүгө багытталган дуалдык билим берүү системасы ырааттуу өнүктүрүлүүдө. Ушул багыттын алкагында Ветеринария факультетинин 5-курсунун студенттери окуу практикасынан түздөн-түз ветеринардык мекемелерде жана клиникаларда өтүп жатышат. ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ВЕТЕРИНАРЛАРЫ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАДА

Студенттердин практикалык даярдыгы Жайыл, Сокулук жана Ысык-Ата райондорунун ветеринардык башкармалыктарында, ошондой эле Бишкек жана Токмок шаарларындагы ветеринардык клиникаларда уюштурулган. Мындай окутуу форматы студенттерге университетте алган теориялык билимдерин реалдуу өндүрүштүк шарттарда колдонууга, практикалык көндүмдөргө ээ болууга жана ветеринардык дарыгердин ишине коюлган заманбап талаптар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Практика учурунда жаныбарлардын ооруларын диагностикалоо жана алдын алуу, ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүү, ветеринардык жардам көрсөтүү, жаныбарлардын ээлери менен иш алып баруу, ветеринардык документтерди жүргүзүү, ошондой эле ветеринардык ишти уюштуруунун заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Дуалдык билим берүүнүн маанилүү артыкчылыктарынын бири – студенттердин практикалык иш алып барган ветеринардык адистер менен түздөн-түз кызматташуусу болуп саналат. Тажрыйбалуу адистердин жетекчилиги астында болочок ветеринардык дарыгерлер кесиптик чечимдерди кабыл алууга, жаныбарлар жана алардын ээлери менен иштөөгө, ветеринардык мыйзамдардын талаптарын сактоого жана алган билимдерин практикада колдонууга үйрөнүшөт. ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ВЕТЕРИНАРЛАРЫ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАДА

Бул система болочок адистердин кесиптик компетенцияларын, практикалык тажрыйбасын жана жогорку жоопкерчилигин калыптандырууга өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда университет ветеринардык мекемелер жана иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты бекемдеп, ветеринария тармагынын заманбап талаптарына жооп берген кадрларды даярдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

Квалификациялуу ветеринардык адистерди даярдоо Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ветеринардык дарыгерлердин кесипкөйлүгүнөн жаныбарлардын ден соолугу, инфекциялык жана инвазиялык оорулардын алдын алуу, ветеринардык-санитардык бакубаттуулук, мал чарбачылыгынын өнүгүшү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу түздөн-түз көз каранды. ДУАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ: АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТТИН ВЕТЕРИНАРЛАРЫ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАДА

Бүгүнкү студенттер – эртеңки адистер. Алар Кыргызстандын аймактарында эмгектенип, ветеринардык кызматты өнүктүрүүгө жана жаныбарлардын ден соолугун, ошондой эле калктын бакубаттуулугун камсыз кылууга өз салымдарын кошушмакчы. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети кесипкөй, практикага багытталган жана эмгек рыногунда талап кылынган, ветеринария тармагында натыйжалуу иш алып барып, аны өнүктүрүүгө жөндөмдүү кадрларды даярдоону улантууда.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү