ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН СЕМИНАР

  • 06.02.2020
  • 0

Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш,  транспорт жана архитектура университетинде «Илимий макала: формасы жана мазмуну» жана  «Кептин техникасы» аттуу илимий-методикалык семинары өттү.

ДОСТУКТУ БЕКЕМДЕГЕН СЕМИНАР

Иш-чарага катышкан Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын жана «Таалим Креатив» мектебинин өкүлдөрүнө, КМКТАУнун бир катар кафедраларынын окутуучуларына жана башчыларына тренерлер, филология илимдеринин кандидаттары Г.Станалиева “МЕДИА КАРЬЕРА” мектебинин жетекчиси Айнура Кабатай кызы тренинг өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

  • Мындай семинар университетибиздин беделин көтөрүп, башка окуу жайлар менен болгон кызматташтыкты өнүктүрөт. Коноктор бири-бири менен жакындан таанышып, мындан ары кызматташууну улантууну макулдашышты. Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун чыныгы улуттук нукта  көркөмдөлүп, жасалгаланганына өзгөчө баа беришти.  Дагы белгилей кетчү жагдай, коноктор Н. Исанов атындагы музейи менен да таанышышты. Семинардын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Мамлекеттик тил борборунда мындан ары да квалификацияны жогорулатуу боюнча семинарларды өткөрүп турат, — дейт Алапаева Чолпон
Бөлүшүү

Комментарийлер