ДОСТУК ЖАРЧЫСЫ “САРМЕРДЕН” ОЮНУ

  • 27.11.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучуларынын ортосунда көөнөргүс салттардын бири кыз-жигит, оюн-зоок «Достук» сармердени болуп өттү.

Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, негизги максаты — кыргыз элинин улуттук каада-салт, үрп-адаттарын, нарк-насилдерин даңазалоо болуп саналат.

“Достук” сармердени Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил макамын алгандыгына 35 жыл толгонуна карата үч айлык Жобонун алкагында өткөрүлдү.

Мында Манас айтуу, төкмөлүк өнөр, ыр-бий, макал-лакап айтуу, жаңылмачтар, табышмактар, каада-салттар менен коштолуп, окуу жайдын жалпы жамаатына жана студенттерине көңүлдүү маанай тартууланды.

Иш-чара окуу жайдын мамлекеттик тил бөлүмүнүн проректору п.и.д.,профессор А.Зулпуевдин демилгеси менен уюштурулду. Жыйынтыгында атааңдаш тараптар тең чыгып, достук жеңиши менен аяктады.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер