ВИДЕО САБАКТАРДЫ ТАРТЫП БЕРГЕН КОМАНДАГА МИНИСТР ЫРААЗЫЛЫК БИЛДИРДИ

  • 10.06.2020
  • 0

4-июнда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков КМТУнун ректору М. Жаманбаевге, университеттин IT-департаментинин директору А. М. Арзыбаевге, ошондой эле ушул департаменттин эки оператору Т. Жунусов менен С.Калыбековго ыраазылык каттарын тапшырды.

ВИДЕО САБАКТАРДЫ ТАРТЫП БЕРГЕН КОМАНДАГА МИНИСТР ЫРААЗЫЛЫК БИЛДИРДИ

Билим берүү жана илим министрлигинин өтүнүчү боюнча КМТУнун телестудиясы атайын команда түзүп, пандемияга байланыштуу жарыяланган узак карантин күндөрүндө эки ай бою мектеп окуучулары үчүн кыргыз жана орус тилдеринде видео-сабактарды тартууну уюштуруп берди. Тынбаган иш-аракеттин натыйжасы жакшы болду,   мектеп программасы боюнча баардыгы 140 видео сабак тартылып бүттү. Тартылган материалдарды телестудияда монтаждоо иши дагы мөөнөтүнөн кечикпей аткарылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер