«ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ»: БИШКЕКТЕ АТА-ЭНЕЛЕР ФОРУМУ

  • 19.05.2026
  • 0

2026-жылдын 20-майында масштабдуу Ата-энелер форуму Бишкек шаарындагы «Жаштык Аренада» өтөт. Бул иш-чара өлкөнүн билим берүү системасындагы заманбап жаңылануу реформасынын алгачкы жыйынтыктарын коомчулукка сунуштамакчы.

Иш-чаранын башкы максаты — Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында «Алтын казык» билим берүүнү трансформациялоо программасынын биринчи окуу жылындагы жыйынтыктарын коомчулукка, өзгөчө ата-энелерге ачык көрсөтүү болуп саналат.

Бул жөн гана расмий жыйын эмес, билим берүүдөгү реформалардын алгачкы жемиштерин, заманбап окуу китептерин жана кошумча билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдү талкуулай турган аянтча. Ошондой эле, форумда мектеп системасын трансформациялоонун кийинки этаптары тууралуу кеңири маалымат берилип, ата-энелердин суроолоруна түз жооп берүү уюштурулат.

Иш-чара Кыргыз республикасынын Агартуу министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өткөрүлүүдө.

Форумга Бишкек шаарынын мамлекеттик жана жеке менчик мектептеринин педагогикалык кызматкерлери, ата-энелер коомчулугу, КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, билим берүү департаментинин адистери, көз карандысыз эксперттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

«ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ»: БИШКЕКТЕ АТА-ЭНЕЛЕР ФОРУМУ

Программанын алкагында:

Бишкек шаары боюнча аткарылган иштердин жана жетишкендиктердин жыйынтыгын Бишкек шаарынын Мэри А. Джунушалиев тааныштырат.

  • Кыргыз Республикасы боюнча жалпы билим берүүдөгү өзгөрүүлөр жана «Алтын казык» программасынын аткарылышы тууралуу Агартуу министри Д.Кендирбаева кеңири отчет берет.

«Доор өзгөрткөн билим» форуму ата-энелердин үнүн угуу жана аларды кызыктырган суроолорго так жооп берүү үчүн уюштурулууда. Программа төмөнкүдөй маанилүү бөлүктөрдөн турат:

  1. Көргөзмө: Форумдун ачылышына чейин ата-энелер заманбап окуу китептери, кошумча билим берүү багыттары жана бир жыл ичинде жасалган иштердин көргөзмөсү менен тааныша алышат.
  2. Ачык суроо-жооп : Жетекчилердин отчетунан кийин ата-энелер жана мугалимдер суроолорду түз берип, эркин пикир алыша алышат.
  3. Адистердин түз консультациясы: Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин, «Жаштык Аренанын» холлунда атайын уюштурулган жерде Кыргыз билим берүү академиясынын адистери, окуу китептеринин авторлору, электрондук системалар (мисалы, электрондук каттоо ж.б.) боюнча эксперттер жана методисттер ата-энелердин суроолоруна жекече деталдуу жооп ала алышат.

Мындан сырткары, форум Сейтек балдар чыгармачылык борборунун «Шаттык» бий ансамблинин майрамдык программасы менен коштолот.

 

Заманбап жаңылануу

Кыргызстанда мектептик билим берүү тармагы заманбап жаңылануу жолуна түшүп, эң мыкты чет элдик тажрыйба менен байытылган улуттук билим берүү модели курулууда. Бүт дүйнөдө өзгөрүүлөр жогорку темпте жүрүп жатканда, өлкөбүз советтик доордон бери келаткан эскирген системаны жаңылоонун маанилүү этабына кирди. Агартуу министрлиги «Алтын Казык» трансформация программасынын алкагында мектептик билим берүүнү 12 жылдык улуттук моделге көчүрүүнү баштады. Бул реформа жаңы муунга дүйнөлүк деңгээлдеги билимди камсыз кылып, алардын потенциалын толук ачууга мүмкүндүк берет.

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдагы планын аткаруунун жыйынтыгы боюнча Агартуу министрлиги «мыкты» деген баага татыктуу болду. Элдин ишеним индекси болсо 2025-жылы 11,4 пайызга өсүп, 48,7 пайызды түздү.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей: “«Алтын Казык» билим берүү программасы – биздин жол көрсөтүүчү жылдызыбыз. Заманбап 12 жылдык моделге өтүү, жаңыртылган окуу китептери, XXI кылымдын компетенцияларына негизделген программаларды ишке киргизүү – Кыргызстандын жаңы муунунун дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жасалган кадамдар”.

Эрте курактан башталган камкордук

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча мектепке чейинки курактагы балдардын 51% билим берүү программасы менен камсыз болду.

560 мектепке чейинки билим берүү уюмун (анын ичинде 500 кыска мөөнөттүү бала бакча жана 60 аймактарда өнүгүү борбору) түзүү боюнча иштер аяктап, ага 32 миңден ашык бала тартылды. Ошондой эле 271 жеке үй тибиндеги бала бакчада 6228 бала тарбияланса, 570 бала бакчанын уктоочу жайлары оптималдаштырылып, кошумча ачылган 518 топко 13 447 бала кабыл алынды. 2025-жылы гана жалпы 91 бала бакча курулуп ишке берилди.

Балдардын логикалык жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү үчүн 160 бала бакча STEM жабдуулары менен жабдылды. Ал эми кыргыз тилин негизги тил катары бекемдеп, орус жана англис тилдерине кызыгууну эрте курактан калыптандыруу максатында 100 бала бакчада көп тилдүү билим берүү программасы ишке ашууда.

Бала бакчаларга биринчи жолу пилоттук түрдө ваучер киргизилип, 615 бала жеке менчик бала бакчаларга барууга мүмкүнчүлүк алды. Андан сырткары, мектепке чейинки уюмдардын бирдиктүү реестрин түзүү үчүн автоматташтырылган система иштелип чыкты.

Мектеп: жаңы стандарттар жана тарыхый рекорддор

Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, 1-12-класстар үчүн предметтик стандарттар жана программалар жаңыланды.

Мугалимдерди масштабдуу окутуу: 12 жылдык мектепке көчүүнүн биринчи жылына карата мектеп директорлорунун орун басарлары, методисттер жана жалпысынан 30 миң мугалим (айрыкча математика, табият таануу жана англис тили боюнча) жаңы стандарттар боюнча даярдыктан өттү. Жалпысынан квалификациясын жогорулаткан педагогдордун саны 2025-жылы 41 081ге жетти.

«ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ»: БИШКЕКТЕ АТА-ЭНЕЛЕР ФОРУМУ

Китеп басып чыгаруудагы тарыхый бурулуш: 2025-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу окуу китептерин чыгарууга бюджеттен чоң суммада (856 млн сом) каражат бөлүнүп, бир жылда басылып чыккан китептердин саны 4 млн 84 870 нускага жетти. Ошондой эле, окуу китептерин баарына жеткиликтүү кылуу максатында расмий электрондук сайт (kitep.edu.kg) ишке киргизилди.

Мугалимдерди колдоо : «Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун баш байгесине бир бөлмөлүү батир, ал эми ушул эле сынактын предметтик номинациялары боюнча 1-орунду алган 10 мугалимге Президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык берилди

Таасирдүү тарбия иштери

Жаш муундарга таалим-тарбия берүүдө улуттук нарк баалуулуктарга артыкчылык берилүүдө.

Ата-энелер менен кызматташтык: «Ата-энелер» мектеби программасын жакшыртуу үчүн атайын модулдар иштелип жатат. Зомбулуктун алдын алуу максатында окуучулар жана ата-энелер үчүн 5000ден ашык лекциялар, форумдар өткөрүлдү. Ата-энелер жана өспүрүмдөр үчүн улуттук баалуулуктарды камтыган «Манас КОД» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты.

Коопсуздук жана Саламаттык: Мектептерде 2000ден ашык профилактикалык кеңештер жана «ден соолукту чыңдоо комитеттери» түзүлдү. «Э-Күндөлүк» мобилдик тиркемесинин ичинде балдарды коргоо максатында «Коркпо, билдир!» анонимдүү функциясы ийгиликтүү иштеп жатат.

Санариптешүү – мезгил талабы

Санариптешүү реформасы мугалимдердин административдик кагаз иштерин 80%га кыскартты. Окуучулардын өздүк делолору, класстык журналдар жана сабактардын жадыбалы толук санариптештирилди.

Тарыхта биринчи жолу мугалимдерге ата мекендик өндүрүштөн чыккан 47 417 даана «Алтын Казык» ноутбугу окуу бөлүмүнүн башчыларына жана STEM сабагынын мугалимдерине тапшырылды.

Жаңы платформалар: Кыргыз жана орус тилдеринде заманбап билим берүү материалдарын сунуштаган «Санарип-кампа» интерактивдүү платформасы (stem.edu.gov.kg) жана бош кызмат орундарды ачык көрсөткөн «Мугалим» системасы ишке кирди. Педагогдор эми ustat.edu.gov.kg порталы аркылуу өз алдынча курстан өтүп, электрондук тастыктама ала алышат. Санариптик картанын ишке кириши менен мектептердин ашыкча жүктөлүшү да биринчи жолу ачык-айкын көрүнүп калды.

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен башталган бул терең мазмундук реформалардын натыйжасы – жакын арада гана эмес, келечекте кыргыз элинин туруктуу өнүгүшүнө жасалган эң чоң кадам болуп калат. Ата-энелер менен биргеликте жасалган бул аракеттер өлкөнүн билимдүү, заманбап жана коопсуз келечегин курууга багытталган.

Бурул Кенжебекова, «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер