ДОГДУРКУЛ КЕНДИРБАЕВА: ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ МУГАЛИМДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

  • 31.01.2025
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ФБ баракчасына мектеп мугалимдерине жардам жана билим берүү процессине жасалма интеллекти пайдалануу боюнча сунуштарын жазды.

ДОГДУРКУЛ КЕНДИРБАЕВА: ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ МУГАЛИМДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

— Урматтуу мугалимдер, учурда Сиздердин ишенимдүү түрдө санариптик педагогикалык технологияларын пайдалануу аркылуу билим берүү сапатын жогорулатуу жана түйшүктөрдү азайтуу максатында төмөндөгү масштабдуу иштер жүрүп жатат. “Алтын казык” аттуу өлкөбүздө жыйналган  Майкрасофт лицензиясы бар персоналдык ноутбуктар мугалимдерге бериле баштады.  Жөн гана ноутбук берилбестен, ичинде табигый так илимдер предметтери же STEM боюнча мугалимдерге жеңилдик алып келген колдонмо материалдар жүктөлдү. Санарип кампа https://stem.edu.gov.kg/catalog.  Эми мугалимге сабактын планын жазууга, чыгармачылык деңээлин жогорулатууга  “Эжей” деген жасалма интеллекти иштеп жатабыз. Ал мугалимдин персоналдык ассистенти. Төмөндө жумушчу варианты тиркелет. Эми бардыгы жеңил, жеткиликтүү болот. Сиздин сабак өтө кызыктуу болот, ал завуч же текшерүүчүлөр үчүн эмес, балдарга багытталат. Балдар менен бирге изденсек болот. Сабактын структурасына карата жана мугалимдин деңгээлине, суроо талабына жараша сабактын мазмунун даярдап берет. Тесттен өйдө түзүп берет, — дейт министр.

ДОГДУРКУЛ КЕНДИРБАЕВА: ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ МУГАЛИМДИН ЖАРДАМЧЫСЫ

Андан ары ал жасалма интеллектин кыргыз тилинде бир аз кемчилиги бар экенин, анткени кыргыз тилиндеги сөз байлыгы толук эмес. Бул ишти Чоробек Сааданбек, жасалма интеллектин кыргыз тилин байытуу боюнча көп иштерди жасап келатканын баса белгилеген.

— Бара-бара бул маселе да чечилет. Уикипедияга кыргыз тилиндеги сөздөрдү толтурушубуз керек. Буюрса, Президентибиз эң чоң ири компьютердин бирин Билим берүү жана илим министрлигине алып берсе, ал секунддун ичинде каалаган маалыматты кыргызча жасап берет! Бул өтө чоң жетишкендик! Эң башкысы бардыгы ата мекендик санариптик продукт. Эч кимге көз карандысыз жана акысыз. Баса, персоналдык ноутбуктар мектептин балансына коюлуп, инвертардык номер берилип, келишим менен мугалимге берилет. Мугалим каалаган жерде, кабелдик, булуттагы (вай фай) интернет менен кире алат. Балдарга, башкаларга бербегиле, анткени ичинде толгон маалымат ресурстарын жоготуп алсаңыз, калыбына келтире албай кыйналасыз. Баса, google аналитик аркылуу мугалимдердин сапаттуу иштөө процессине үкүдөй байкоо жүргүзүлөт. Жигердүү, чыгармачыл жана күжүрмөндүк ишиңизге талдоо берип турат (же кино көрүп отурасызбы), мугалимдер ортосундагы предметтик Форумдардагы баарлашууңар да талданат. Дапдаяр берген материалдарды кандай иштетип, изденип жаткандыгыңарды байкап турабыз. Сиздин мыкты сабагыңызды канча мугалим илип кетти пайдаланууга, өркүндөтүүгө ал да билинет. Эми иштеш гана керек! Шылтоолор жок. Бул эмгек жана продукт миңдеген мугалимдерге жеңилдик алып келет жана Билим берүү жана илим министрлигинин эмгеги жана менчиги! – деп жазды.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер