ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БИЛИМ МАЙДАНЫНДА АГАЙЛАРДЫН САНЫ КӨБӨЙСҮН”

  • 22.02.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева башында турган жамаат таң эрте министрликтин фоесинде майрамдык маанайда  ведомстводо иштеген эр жигиттерди шаңдүү музыка жана белектер менен  тосуп алды.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БИЛИМ МАЙДАНЫНДА АГАЙЛАРДЫН САНЫ КӨБӨЙСҮН”

Министр жамааттагы эр азаматтарга чың ден соолук, ийгилик, армиядагыдай чоң жүктү көтөрүүгө болгон тынымсыз күч-кубатты каалады.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БИЛИМ МАЙДАНЫНДА АГАЙЛАРДЫН САНЫ КӨБӨЙСҮН”

— Билим берүү жана илим министрлиги армиядагыдай эле иштейт. Алардын алдында 3, 5 млн окуучу, студенттер бар. Ар бир кызматкердин алдында чоң жоопкерчилик турат — балдардын келечеги, ар бир баланын тагдыры. Билим берүү тармагындагы бардык агайларды куттуктайм! Биздин коомдо адам тарбиялоо, адамды өнүктүрүү боюнча жүктүн баары аялдарга жүктөп койгондой сезилет. Биз бир үй-бүлөбүз, баарыбыздын башыбызды Билим берүү жана илим министрлиги бириктирип жатат. Билим майданында агайлардын көбөйүшүн каалайбыз. Аялдардын бактылуулугу агайлардын колунда. Атасы, агасы, иниси эркелеткен кыздар дайыма ишенимдүү болот, ийгиликке жетет. Сиздер бардык жерде чоң үлгү болот деп ишенем. Кыргызстанда туруктуу тынчтык болсун! Кыргызстан — керемет өлкө! Бири-бирибизди баалайлы, барктайлы, өнүгүүгө, өзгөрүүгө карай жылалы. Мекенге сүйүүсүн арттыруу жана патриоттук сезимди чыңдоо,  жаш ɵсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо, сапаттуу билим берүү үчүн күрөшөлү! Мекендин коргоочусу болуу – ардактуу жана жооптуу. Мекенди  коргоодон өткөн ыйык жана акыйкат милдет жок болуш керек, — деди министр.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БИЛИМ МАЙДАНЫНДА АГАЙЛАРДЫН САНЫ КӨБӨЙСҮН”

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “БИЛИМ МАЙДАНЫНДА АГАЙЛАРДЫН САНЫ КӨБӨЙСҮН”

Тарыхка көз чаптырсак, Кыргызстанда бул дата 2003-жылдан тартып расмий тʏрдɵ   жалпы элдик майрам катары киргизилген. Ошондон бери бул күн Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.  “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деп бекеринен айтылбаса керек.   Андыктан ар бир азамат  аскер курагына жашы жеткен соң,  колуна куралын алып, Ата Мекенди   коргоого даярдыктан өтүп келүүгө тийиш. Себеби,  күчтүү мамлекеттин артында,  чептей бекем  куралдуу күч түзүмү турат. Ар бир кыргыз жаранынын  жүрөгүндө  бекем намыс,  Мекенге болгон күчтүү сүйүү кошо жашаса, анда  Мекенибиз  кылым карытып,  өз урпагын кучагында  бактылуу жашоо кечиртеринде шек жок.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим

 

Бөлүшүү

Комментарийлер