ДОГДУРГҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “ЖУРНАЛИСТТЕР ЭЛ МЕНЕН БИЙЛИКТИН ОРТОСУНДАГЫ ДАНАКЕРЛЕР”
- 11.11.2023
- 0
Бүгүн Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Кыргыз улуттук университетинде журналисттер менен жолугуп, кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар массалык маалымат каражаттарына ыраазычылык каттарын жана журналисттерге сыйлыктарды тапшырды.
Анда министр журналисттердин иши өтө маанилүү, мазмундуу, жооптуу экенин баса белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.
— Адам баласынын төрөлгөн күнүнөн баштап маалыматтык өнүгүүсүнүн үстүндө иштеген бул массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери болуп эсептелет. Кайсы жерде, кандай шартта болбосун бардык маалыматтар журналисттер аркылуу өтөт, коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдү сиздер аркылуу билип турат. Биз сиздер менен сөзсүз түрдө жигердүү иштешишибиз керек. Анткени эл менен болгон кайтарым байланышты сиздер камсыз кыласыздар. Министрликте, билим берүү тармагында болуп жаткан иштерди, жетишкендиктерди коомго, биздин айрым кемчиликтерди бизге сиздер жеткире аласыздар. Башкача айтканда, коомду агартуучулук, данакерлик миссиясы сиздерге жүктөлгөн. Ушуну эске алуу менен биз сиздердин эмгекти ар дайым бийик баалайбыз жана урматтайбыз. Сиздер канчалык обьективдүү маалымат таркатсаңыздар, биздин ишибизге дагы ошончо жеңил болот, — деди Д.Кендирбаева өз куттуктоо сөзүндө.
Министр журналистика жаатында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү жана илим маселелерин ачык-айкын, калыс жана кеңири чагылдыруу аркылуу билим берүү жана илим тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Биринчи радионун” баяндамачысы Таалайгүл Чабдарованы, ушул эле радионун кабарчылары Султакеев Канатты, Асанова Ратканды, “ЭлТР” мамлекеттик телерадио компаниясынын продюссери Мурзалиев Кылычбекти, “Илим-билим” каналынын улук редактору Карыбекова Калыяны жана “Замана” студиясынын, “Ала-Тоо 24” телеканалынын, “Кыргыз радиосунун” журналисттерин Билим берүү жана илим министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” медалы менен сыйлады. Андан сырткары бир катар массалык маалымат каражаттарына Ыраазычылык каттарын тапшырды. Анын арасында “Кут Билим” медиа борбору жана “Эл агартуу” журналы да бар.
Сыйлоо аземинен кийин министр журналисттер менен эркин баарлашып, түрдүү суроолорго жооп берип, билим берүү тармагында жасалып жаткан реформалар тууралуу айтып берди. Журналисттер тарабынан эң көп берилген суроолор окуу китептери жана анын сапаты, мектептердеги акча чогултуулар, бала бакчалар тууралуу болду.
- Министрликтин эң талуу жери — ушул китеп маселеси. Анткени буга чейин китепти туруктуу даярдоо, аны институтционалдаштыруу, кайра иштеп чыгуу системасы жок эле. Азыр биз ушул эң чоң маселени чече турган “Мектеп басмасы” деген департамент түзүп жатабыз. Учурда кырдаалдан чыгуу үчүн окуу китептерин тездетилген жол менен “Учкун” басмаканасынан чыгаруудабыз. Негизи китеп чыгаруу өтө узак жана татаал процесс. Буюрса, бул иштер колго алынып жатат. Ал эми мектептерде болсо мындан ары акча чогултуулар болбойт. Бардык чыгымдарды лампочкадан тартып тряпкага чейин мамлекет өзү каржылайт. Башкача айтканда, бүт бардык чыгымды мамлекет өз мойнуна алды. Ага тийиштүү каражат бөлүндү, — деди Догдургүл Шаршеевна.
Комментарийлер